KELECHEK
rek

Квалификациялуу юридикалык жардамды алууга кимдер укуктуу?

Квалификациялуу юридикалык жардамды алууга кимдер укуктуу?

Кыргыз Республикасынын бардык эле жарандары мамлекет тарабынан кепилденген акысыз юридикалык жардам бериле тургандыгын биле беришпейт. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам 2016-жылдын 16-декабрында кабыл алынган «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде берилет. Бул мыйзамдын жаңы редакциясы өлкөдө өтүп жаткан сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган.

 “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүдөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесине ылайык, квалификациялуу юридикалык жардамды: аз камсыз болгон жарандар, 1-2-топтогу майыптар, жашы жете элек балдар, психикалык оорудан жабыркаган адамдар, өтө оор кылмыш кылгандар, баатыр эне, жалгыз бой энелер жана Ооган, Баткен согушунун ардагерлери алууга укуктуу. Жогоруда аталган мыйзамдын негизинде жылдык кирешеси КР белгиленген (6 миң сомдон) өлчөмдөн ашпаган жарандарга кылмыш жасаган учурда мамлекет тарабынан бекер адвокаттар дайындалат.

“Биздин максат – Ммамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамдын натыйжалуу системасын куруу, берилген жардамдын сапатын жакшыртуу, бардык адамдар үчүн адвокаттарга жана юристтерге бирдей жетүү мүмкүндүгүн, ийкемдүү механизмин, иштиктүү жол-жоболорун жайылтуу менен укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү”, – дейт Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу мамлекеттик кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун региондор аралык бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Камашов.

Мамлекет тарабынан кепилдеген юридикалык жардам кандай түрдө жана кимдер тарабынан көрсөтүлөт?

Башкы адис Э.Камашовдун берген маалыматына караганда, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын эки түрү бар жана алардын субъектилери болуп төмөнкүлөр саналат:

Биринчи түрү – бул Консультациялык-укуктук жардам төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:

- укуктук маалымат;

- укуктук маселелер боюнча консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүү;

- арыздарды, даттанууларды жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзүү (буга процесстик мүнөздөгү документтер кирбейт);

- жактын квалификациялуу юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жардам көрсөтүү;

Консультацияларды мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызмат адамдары, адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар тарабынан берилет.

Ал эми экинчи түрү – бул Квалификациялуу юридикалык жардам жарандык, административдик жана жазыктык сот өндүрүшүнүн чөйрөсүндө төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:

- укуктук маалымат;

- укуктук маселелер боюнча консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүү;

- процесстик мүнөздөгү арыздарды, даттанууларды, документтерди жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзүү;

- жарандык, административдик жана жазыктык сот өндүрүшүнүн бардык стадияларында жарандык, административдик жана жазыктык иштер боюнча өкүлчүлүк кылуу, же коргоо.

Квалификациялуу юридикалык жардам (тергөө, сот учурунда)  мамлекеттик реестрге киргизилген адвокаттар тарабынан берилет.

Консультациялык-укуктуу жардамды алууга Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар жана качкындар укуктуу.

“Мындан сырткары, квалификациялык юридикалык жардамды алууга жарандык, административдик жана жазыктын сот өндүрүшүнүн чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук жылдык кирешеси республикалык бюджет жөнүнүдө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү эң аз эмгек акысынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган доогерлерге, жоопкерлерге, шектүүлөргө, соттолгондорго, акталгандарга, жабырлануучуларга, жашы жете элек күбөлөргө берилет”, - дейт Э. Камашов.

Ошондой эле, жылдык кирешесин эске албастан квалификациялуу юридикалык жардам төмөнкүлөргө берилет:

- адамдарга, кармалган учурда;

- өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелгендерге, айыпталуучуларга, соттолуучуларга;
- 1- жана 2-топтогу майыптуулугу бар адамдарга;

- психикалык ооруудан жабыркаган адамдарга;

- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңдештирилген адамдарга;
- жашы жете электерге, алардын кызыкчылыктарында алардын ата-энелерине;

- балдардын кызыкчылыктарында;

- жашы жете элек баланы, балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелерге;
- энеси жок жашы жете элек баланы, балдарды тарбиялаган адамдарга-балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга жана коргоого байланыштуу маселелер боюнча;

- мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;

- мамлекеттик жатак-үйлөрүндө жашаган кары-картаңдарга;

- жазык-процесстик мыйзамдарда каралган башка учурларда.

Жалал-Абад облусу боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн саны 644тү түздү

Жогоруда белгиленгендей, квалификациялуу юридикалык жардам адвокаттардын катышуусунда көрсөтүлөт. Бул жардам 2012-жылдан тартып бир гана жазык иштери боюнча көрсөтүлүп келген болсо, 2019-жылдын январь айынан баштап жарандык, административдик жана жазык иштери боюнча юридикалык жардам адвокаттар тарабынан көрсөтүлүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу мамлекеттик кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун региондор аралык бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Камашовдун берген маалыматына караганда, эгерде отчётту карасак, мисалы 2017-жылы 362 жардам көрсөтүлсө, 2018-жылы 426 квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Бул менен кайрылуучулардын саны жылдан жылга өсүп жаткандыгын көрсө болот.       

“Ал эми, 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы кодекстердин күчүнө киргендигинин негизинде үстүбүздөгү жылдын үч айга жетпеген мезгилинде квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн саны Жалал-Абад облусу боюнча 644тү түздү. Анын ичинен 8 жардам жарандык иштер боюнча көрсөтүлгөн. Учурда укуктук кеңеш, юридикалык жардам алуу элге жеткиликтүү эле болуп баратат”, – дейт Э. Камашов.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору тарабынан акысыз юридикалык кеңеш берүү бороборлору ачылып иштеп келүүдө. Ошондой болсо да, азыркы күндө элдин калың катмарында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча толук маалыматы жок.

- Айрыкча айыл жергесинде жашоочу жарандарыбызда. Бул боюнча Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун жана КР Юстиция министрлигинин аймактык башкармасынын адистери тарабынан бир канча жолу калк арасында түшүндүрмө иш-чараларын өткөзүп келүүдөбүз. Жасаган ишибизди жер жерлерде элге жеткизип, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери жана жашоочулары менен жолугушууларды, башка иш-чараларды уюштуруп, массалык маалымат каражаттары аркылуу малекет кепилденген юридикалык жардам тууралуу элге жеткирүү абзел. Себеби, алыскы айыл жердеги жарандарыбызга ар кандай себептер менен жете албасак дагы, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалыматтарды жеткирүүгө тийиштүүбүз. Ошондуктан, ЖМКнын ролу элдин укуктук сабатсыздыгын жоюуда абдан чоң деп эсептейбиз, - деп баса белгиледи Э.Камашов.

Статистикага көз жүгүртө турган болсок, 2017-жылы мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Жалал-Абад облусунда мамлекеттик реестрде турган 36 адвокат иштеп, 300дөн ашык арыз катталып, жыйынтыгында 400 миң сомдун тегерегиндеги акча которулуп берилген.

“Эми 2019-жылдан баштап кылмыш иши ачылганда эле, ал бирдиктүү базага киргизилет. Базадан карап туруп эле кезметте болгон адвокатты ошол эле күнү тергөөгө же сотко жиберет. Талаш-тартыш маселени мыйзамдуу түрдө жөнгө салууну эл да үйрөнүп жатат. Бул да демократиянын шарапаты десек болот”, - дейт Жалал-Абад облустук территориалдык адвокатуранын адвокаты Э.Тешебаев.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24