KELECHEK
rek

Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖнун ректорлорунун биринчи Форуму өттү (ФОТО)

Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖнун ректорлорунун биринчи Форуму өттү (ФОТО)

«Биздин күчүбүз — элибиздин достугунда, менталитеттин жана рухубуздун жакындыгында, өлкөлөр ортосундагы көп багыттуу байланышты бекемдөөдө», -деп  белгиледи, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларын ректорлорунун «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү —  келечекке инвестиция» биринчи Форумунда.

Иш чара  Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик  визитинин алкагында  өтүп жатат.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн  толук тексти:

«Урматтуу форумдун катышуучулары, кымбаттуу достор!

Меймандос кыргыз жергесине кош келиңиздер!

Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи Форуму  Бишкекте өтүп жатканына абдан кубанычтамын!

Ректорлордун Форуму Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында өтүп жатышы абдан актуалдуу жана өзгөчө маанилүү деп эсептейм.

Биздин саясый жана экономикалык тыгыз мамилелерибизди улантып, жогорку окуу жайларыбыз дагы өз ара интеграцияга жана кызматташууга умтулгандыгы мени кубандырат.

Сиздерге белгилүү болгондой, отуз жыл мурда биз бирдиктүү билим берүү мейкиндигинде жашаганбыз.

Ал билим берүү системасы дүйнөдө атаандашууга толук жөндөмдүү эле.

Экономиканын, социалдык турмуштун, мамлекеттик башкаруунун жана коргонуунун талаптарына толук жооп берген.

Азыр ал система жок.

Бирок, мезгил көрсөткөндөй, бизге жалпы билим берүү мейкиндиги керек экен.

Биздин союздаштык мамилелерибиз, эң оболу руханий-гуманитардык, интеллектуалдык чөйрөдө чыңдалууга тийиш.

Өлкөлөрүбүздүн стратегиялык өнөктөштүгүбүздү жана достугубузду биз калыптандырган адамдык капитал аныктайт.

Форумдун ишине Россия Федерациясынын алдыңкы 70ке жакын жогорку окуу жайлары катышып жаткандыгы абдан жакшы көрүнүш.

Бүгүн сиздер Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары менен бирдикте өлкөлөрүбүздүн адамдык капиталын өнүктүрүү чөйрөсүндө стратегиялык кызматташуунун пайдубалын түптөп жатасыздар.

Урматтуу достор!

Биз Кыргызстанда билим берүү системасын өнүктүрүүнүн көптөгөн маанилүү маселелерин интеграциялык мамилелерибиздин алкагында, Россия Федерациясы менен биргелешкен күч аракет аркылуу чечип жатабыз.

Бул максатта 1992-жылы эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда билим берүү тармагында кызматташуу тууралуу Макулдашуу түзүлгөн.

Азыркы учурда Россиянын вуздарында  Кыргызстандын 15 миңден ашуун жарандары билим алып жатышат.

Өз кезегинде Кыргызстанда  Россия Федерациясынын 1,5 миңден ашуун жарандары билим алып жатышат.

Урматтуу достор!

Алгачкы ирет биздин Форумда бир эле учурда Россия илиминин, интеллигенциясынын бардык өкүлдөрү катышып жаткандыгына биз кубанычтабыз.

Жагдайдан пайдаланып, Россия Федерациясынын  вуздарынын бул жерде катышып олтурган бардык жетекчилерине өлкөлөрүбүз үчүн абдан сыймыктуу болгон Форумдун ишине катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Форумдун катышуучуларынын арасында Россиянын вуздар союзунун Президенти, Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин ректору Виктор Антонович Садовничийди да көрүп турганыма чын дилимден кубанычтамын.

Виктор Антонович, Сизди Москва университетинин дүйнөдөгү эң мыкты 100 жогорку окуу жайлардын катарына кириши менен куттуктайм.

Урматтуу достор!

Дүйнө тездик менен өзгөрүп жатат, жаңы илимдер пайда болуп, технологиялар өзгөрүүдө.

Мезгил жаңы талаптарды коюуда.

Ишмердиктин бардык түрлөрүнүн интеллектуалдашуусу азыр кайсы өлкөдө болбосун жалпы тенденция болуп калды.

Алардын катарында биздин өлкөлөр да бар.

Билим берүү биздин өлкөлөрүбүздүн келечегин аныктаган эң башкы, негизги ресурс болуп саналат.

Глобалдык атаандаштыкка билимдүү коом гана туруштук бере алат.

Бүгүн дүйнөнүн көп өлкөлөрү билим берүүнүн заманбап моделдерин издеп жатат. Билим берүү жана илим системасын реформалап жатышат.

Биз да өз өлкөлөрүбүздө билим берүү жана илим системасын реформалап, билим берүү процесстерин мындан ары өнүктүрүүнүн эң мыкты жолдорун издеп жатабыз.

Кыргыз Республикасы узак мөөнөттүү өнүгүү мезгилинде билим берүүнүн сапатын жакшыртууну, илимге таянган технологияларды түзүүнү негизги артыкчылыктуу багыт катары аныктаган.

Кыргыз коому жаңы илимдерге, сергек жашоо ыңгайына умтулган, руханий баалуулуктарды барктай билген коом.

Кыргызстанда билим берүү системасынын алдына ЖОЖдор буга чейин топтолгон билимдерди берүүчү гана жер болбостон, биздин студенттер каалаган убакта, каалаган жеринде, өмүр бою жаңы билимдерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу жайга айлана тургандай кылып реформалоо милдети коюлган.

Бизге дүйнөнү тааныта турган эле эмес, биздин экономиканы, биздин коомду, биздин турмушту жакшы жагына өзгөртүүгө көмөктөшчү билим берүү системасы керек.

Мына ушул алдыга коюлган милдеттерге ылайык, биз маалыматтык коомго өтүп, билим берүүнүн жаңы моделин куруп жатабыз.

Санариптик технологияларды кеңири жана бардык тармактарда колдонуу заманбап билим берүүнүн негизи катары кабыл алынууда.

Урматтуу жогорку окуу жайлардын жетекчилери!

Бүгүн Форумдун бардык катышуучуларында биздин өлкөлөрүбүздүн өнүгүшүнүн азыркы баскычында жогорку мектептин алдында турган милдеттерди кеңири талкуулоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болот.

Тажрыйба алмашуу жана болочоктогу кызматташуу максатында Форумдун алкагында бир нече фундаменталдык багыттарды талкуулоо өтө маанилүү.

Форумда кесипкөй кадрларды биргелешип даярдоо маселелерине көңүл бурулат деп ишенем.

Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү механизмдерин аныктоо зарыл.

Евразия мейкиндигиндеги социомаданий жана илимий-билим берүү интеграциясын өнүктүрүүгө көмөктөшүү маселелери өзгөчө орун ээлеши керек.

Биздин элдерибиздин тарыхын, маданиятын, каада-салттарын билүүгө багытталган изилдөөлөр биздин өлкөлөрүбүздүн келечеги үчүн өтө маанилүү.

Билим берүү ар кыл маданияттарга жана тилдерге урматтоого тарбиялай турганын биз баарыбыз жакшы түшүнөбүз.

Орус тили Кыргыз Республикасында расмий макамында болгон жана ушул бойдон калат деп дагы бир жолу белгилегим келет. 

Урматтуу достор!

Биздин өлкөлөрдүн алдында турган жаңы маселелерди  учурдагы билим берүү системасынын базасы менен чечүү мүмкүн эмес.

Жаңы долбоорлор, жаңы идеялар, жаңы мамилелер керек.

Өнүгүүнүн жаңы жолдорун табуу үчүн биргелешкен аракет, жалпы дискуссиялар, ийгиликтүү тажрыйбалар менен бөлүшүүгө чын дилден умтулуу зарыл.

Бүгүнкү ректорлор Форуму замандын чакырыктарына жооп табууга жана биргеликте издөөгө арналган деп ойлойм.

Биринчи форум — тереңирээк интеграцияга жана өз ара тыгыз аракеттенүүгө, келечектеги кызматташтыкка жалпы чектерди аныктайт деп ишенем.

Буга байланыштуу Кыргызстан альтернативдүү энергетика жана гидроэнергетика, сууну жана тоолорду изилдөө, бийик тоо медицинасы, дары флорасын фитохимиялык изилдөө же экологиялык таза дан жана тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча илимий-билим берүү кызматташтыгы үчүн ылайыктуу аянтча болуп берээрине сиздерди ишендиргим келет.

Ошондой эле ден-соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү туризминин илим изилдөө базасын өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын потенциалын эске алуу керек.

Биздин өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү тоо кен сектору багытындагы билим берүү жана илимий-изилдөөнү өнүктүрүүгө өбөлгө боло алат.

Бул жерде интеллигенциянын жана интеллектуалдык элитанын көрүнүктүү өкүлдөрү, биздин өлкөлөрдүн өнүгүшүнүн илимий негизин түзүүчүлөрү катышып жатасыздар.

Ошондуктан Форумдун ийгиликтүү ишине өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жалпы натыйжалуулугу көз каранды.

Кыргызстан жана Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун азыркы Форуму ар кандай чакырыктарга жана тобокелчиликтерге жооп катары, келечекте аракеттенүү Планын белгилөө үчүн өзгөчө аянтча деп ишенем.

Мага маалым болгондой, Форумдун жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда 70тен ашык меморандум, макулдашуу жана келишимдерге кол коюлат.

Бүгүн бул меморандумдар кызматташуу жөнүндө болсо, ал эми эртең билим берүү, илимий-изилдөө, инновациялык долбоорлору реалдуу жыйынтыктары менен болушу  керек.

Адам капиталын өнүктүрүү биздин өлкөлөрдүн атаандаштыктагы артыкчылыгы болот деп ишенем.

Биздин күчүбүз — элибиздин достугунда, менталитеттин жана рухубуздун жакындыгында, өлкөлөр арасындагы көп багыттуу байланышты бекемдөөдө.

Россия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыкты, салттуу достукту өнүктүрүү багыты дагы бекемделет.»

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30