KELECHEK
rek

Мугалим – мөмөлүү дарак! (ФОТО)

Мугалим – мөмөлүү дарак! (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы алдыңкы мектептердин сап башында турган,  бир кылымга тете тарыхы бар М.Бабкин атындагы №1 мектеп – гимназиясында 2154 окуучу билим алып жатышат. Окутуу үч нөөмөттө орус тилинде жүргүзүлөт.

Мектеп окуучулары шаардык, облустук, республикалык предметтик олимпиадаларда дайыма алдыңкы орундарды камсыздап, жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) жогорку көрсөткүчтөргө ээ болуп келишет. Алсак, акыркы беш жылда 7 окуучу “Алтын Тамга” артыкчылык аттестаттары менен окууну аякташса, 7 окуучу ЖРТда эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүшүп, “Алтын сертификаттарга” ээ болушкан. Быйылкы жылы бир окуучу химия предмети боюнча республикалык олимпиадага катышат. Мектепте компьютердик класс жана 20 орундуу электрондук китепкана бар. Ар бир окуу каанасы заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган.  

Шаардагы №1 мектеп – гимназиясынын директору Дамира Касымбекованын берген маалыматына караганда, мектептин көйгөлүү маселеси – бул имараттын эскилиги жеткендигине байланыштуу жана окуучлардын санынын көптүгүнөн улам жаңы имараты курулууга муктаж. Мектептин имараты бир кабаттуу, типтүү, 1927-жылы пайдаланууга берилген.

- Бизде жаңы имарат салуу көйгөйү 9 жылдан бери келе жаткан көйгөй экен. 2018-жылы күз айларында Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова аркылуу Президентке чыгып жатып, ата-энелердин кайрылуусу менен өткөн жылдын аягында мектептин жаңы курулушу титулдук листке кирди. 2018-2019-окуу жылында мектепте жалпы 52 класс комплекси бар. Жыл башында 2116 окуучу окуса, азыркы күндө 2154 окуучу билим алып жатышат. Мектептин курулушуна бир кылым болуп калды. Пайдубалы чечен кирпичи менен курулган экен. Ошол себептен, биз жаңы имаратта билим алууга татыктуубуз деп ойлойм. Балдарыбыз үч нөөмөт менен, орус тилинде окушат.

Жалпы билим берүүчү мектеп-гимназия болуп аталат. Мектепте басым кылып орус тили жана адабияты, англис тили тереңдетилип  окутулат.

Мындан сырткары, математика мугалимдерибиз күчтүү болгондуктан, тереңдетилип окутулбаса да, кошумча кружоктордо сабактарды өтүп келе жатышат. Башталгыч класстары окуган имаратыбыздын полдору чирип, түшөйүн деп калган. Ал жерден жагымсыз жыттар чыгат. Спорт залыбыз стандартка жооп бербейт. Коридорлорубуз да күн көрбөйт. Себеби кайра куруу иштери жүрүп, жаңы кабинеттер курулган. Ашканабыз да 40 эле адамга ылайыктуу, бизде 1084 окуучу башталгыч класстарда окушат. Ошол себептен, талапка жооп бербейт. Бирок, аракет кылып, ишти аткарып келе жатабыз. Эми бул тарыхый жер болгондуктан, өзүнүн ордуна эле жаңы имаратын салайын дегенбиз. Жаңы имаратты салуу үчүн башталгыч класстар турган имараттан башталат дешкен. Бирок, биздин аянт жаңы имарат салганга жетпейт экен. Жергиликтүү бийлик 2-3 гектар жер тапса, анан ошол жерге Бабкин-1, Бабкин-2 деп мектептин жаңы имаратынын курулушун баштайбыз дешкен. Азыр жерди издөө иштери жүрүп жатат, - дейт Дамира Токоновна.

Көпчүлүк шаардыктар 92 жылдык тарыхы бар мектепке балдарын окутууну каалашат

Жалал-Абад шаарында 1926-жылы 7 жылдык типтүү мектеп куруу боюнча чечим кабыл алынган. 1927-жылы мектепке биринчи жолу 8 класс ачылып, анда 480 окуучу билим ала баштаган. Ал эми 1934-жылы мектеп “№1 орто мектеп” болуп кайрадан түзүлүп, анда 800 окуучу билим ала баштап, 1934-жылы биринчи жолу 14 окуучу 10-классты бүтүрүшкөн. 1940-1944- жылдары кыздар мектеби деп аталып, бул убакыт ичинде 357 кыздар мектепти аякташкан.

1959-жылы башталгыч класстар үчүн имарат жана китепкана курулган. 1965-жылы мектептке Советтер Союзунун Баатыры Михаил Бабкиндин ысымы ыйгарылган.

Мектептин имараты заманбап болбосо да, көпчүлүк Жалал-Абад шаарынын тургундары балдарын “престиждүү” деп аталган №1чи мектеп– гимназиясында окутууну каалашат. Бул мектепти бүтүргөндөрдүн көпчүлүгү андан ары ЖОЖдон билимдерин улантышып, жөн эле көчө таптап калбай тургандыктарын да көп сөз кылышат. Билимдүү жана алдыңкы катардагы  окуучуларды чыгарууга мектепте 71 мугалим талыкпай эмгектенет. Алардын ичинен жогорку билимдүүсү – 62, атайын орто билимдүү адистердин саны – 9, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирге мугалимдери – 2, Билим берүүнүн мыктылары – 11, жаш адистер – 17ни түзөт.

Мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы байланыш өтө тыгыз экенин мектепке баш баккан ар бир адам байкай алат. Башка мектептерге барсаң балдар бири-бири менен урушуп жатканын көрсөң, бул жерде мугалим менен окуучунун ортосундагы терең байланыш орун алып, алар кайсы бир тапшырманы чогуу аткарып жатканына күбө болосун. Мунун себеби эмнеде болду экен деген суроо менен директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары Гульсара Исманалиевага суроо узаттык.

- Гульсара Раевна, эмне себептен ата-энелер балдарын сиздердин мектепке окутканга аракет кылышат? Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Биздин мектепте иштеген мугалимдердин баары сабакты жакшы беришет. Окуучуларга бааны койгондо өтө көтөрбөйбүз. Талапты катуу койгондуктан улам, биздин мектепте 3-4 баа алган окуучулар башка мектепке барганда “5” деген баага окушат. Сабактарда “5” деген бааны аз койгондуктан, окуучулар 5 алыш үчүн аябай тырышып окушат. Анан гимназия класстын өзүнүн да аурасы бар. Балдар шок болбойт, алар билимге талпынышат. Мисалы, көнүгүүнү берип туруп, журналга числону жазайын дегениңде эле балдар берилген тапшырманы аткарып келип калышат. Балдардын келип-кетүүсүн, кийимин катуу көзөмөлгө алып турабыз. Кээ бир балдар 7-класстан кийин сабактарга болгон кызыгуусу төмөндөп кетет. Биздин окуучларда андай жок Бир күн эле бала сабакка келбей калса, заматта ата-энесине телефон чалабыз. Каякта, эмне үчун келген жок? – деп сурап турабыз. Көзөмөл күчтүү болгондуктан окуучулар жакшы билим алууга умтулушат.

Мектептин окуучулары сабактан сырткары да, ар кандай даталуу күндөргө байланыштуу иш-чараларды өткөрүүгө аябай кызыгышат. Гульсара Раевнанын айтымында, мектеп орус тилдүү болсо да, иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Балдар менен да эркин мамлекеттик тилде ар кандай багыттагы иш-чараларды өткөрө беришет. Буга окуучулар да көнүп калышкан.

Мугалимдик кесипте 60 жылга жакын талыкпай иштеген Анна эжеке

Жалал-Абад шаарындагы №1 мектеп – гимназиясында 24 жылдан бери химия сабагынан окуучуларга билим берип келе жаткан Лим Анна Васильевна өзүнүн алгачкы эмгек жолун 1960-жылы мектепти бүтөөрү менен Өзбекстанда башталгыч класстарынын мугалими болуп иштөөдөн баштаган.

“Мен 1960-жылы мектепти бүтүп эле, Өзбекстанда башталгыч класстарынын мугалими болуп эки жыл иштегемин. Андан кийин жогорку окуу жайга тапшырдым. Окууну бүтпөй туруп эле бизди Тажикстанга чек арада иштөөгө жиберишти. Ооганстан менен чектешкен жерде эки жыл иштедим. Себеби, ал мезгилде мугалимдер жок болгон. Анан турмушка чыгып, Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайында мугалим болуп 1993-жылга чейин иштедим. Жолдошум сурөтчү болуп аталган окуу жайында иштечү. Жалал-Абад мамлекеттик университети болуп кайра түзүлгөндөн кийин, билим даражам жок болгондуктан, ал жерден кетип, шаардагы №3чү мектепке мугалим болуп ишке кирдим. Ал мектепте эки жыл иштегенден кийин №1 мектеп-гимназиясына которулуп келип, 1995-жылдан бери талыкпай иштеп келе жатам.

Республикалык олимпиададан 4-орунду алган алгачкы окуучум Алишер Ахмедов болгон. Андан кийин окуучуларымдын ичинен 6 республикалык олимпиадаларга чейин жетишти. Быйылкы жылы химиядан 11- “А” класстын окуучусу Талипжан Абидбаевди республикалык олимпиадага даярдап жатам. Талипжан өзү бардык ийгиликтерге жетишип жатат. Менден сырткары да, кошумча даярдыктардан өтөт. Өзү изденип, билимин бекемдейт. Бардык предметтерден “эң жакшы” деген артыкчылык аттестатын алууга талапкер. Ата-энеси да баласын жакшы көзөмөлдөйт”, - дейт Анна Васильевна.

Анна Васильевнанын балдары ЖРТдан жогорку балды алышат. Предметтик олимпиадаларда шаардык, облустук  турда дайыма биринчиликти алат. Окуучуларга берген сабактары өтө кызыктуу. “Окуучулар кызыгуу менен эжекенин сабагын угушат. Эжекенин берген билими, окуучуларга өткөргөн сабактары, сүйлөгөн сөзү мага абдан жагат. Сабактарын проектор менен өткөрөт” – дейт директордун орун басары Г.Исманалиева.

Эскерте кетсек, Михаил Бабкин атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү мектеп-гимназиясынын жалпы аянты – 0,92 га. Окуучулардын билим сапаты – 42 пайыз, жетишүүсү – 99,7 пайызды түзөт. Артыкчылык күбөлүгүн 14 окуучу алса, облустук, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү – 43, Эл аралык “FLEX” программасынын катышуучулары бирөө. Мектепте спортзал, спорт аянтчасы, интернет, 32 видео байкоо, 46 компьютер бар.

Бул макала КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Европа Биримдигинин “Мугалим – бул Кесип” аттуу сынагынын алкагында жарыяланды.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24