KELECHEK
rek

Окуучулардын “Алтын сертификат” алуусуна түрткү берген Гүлжан Маматова эжеке (ФОТО)

Окуучулардын “Алтын сертификат” алуусуна түрткү берген Гүлжан Маматова эжеке (ФОТО)

Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Михаил Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясында 30 жылдан бери математика мугалими болуп иштеп келе жаткан Маматова Гүлжан Нийматовнанын 10го жакын окуучулары Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен “Алтын сертификат” алууга укуктуу болушса, 15 окуучусу “Алтын-тамга” өзгөчө үлгүдөгү аттестаты менен аякташкан.

Биз сөз кылып жаткан Гүлжан Маматова 1963-жылы 17-октябрда Сузак районуна караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1983-жылы азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Мамлекеттик университетине (мурдагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы) кирип, математика адистиги боюнча аталган окуу жайдын толук курсун бүтүргөн. Өзүнүн эмгек жолун 1988-жылдан баштап жолдомо менен Жалал-Абад шаарындагы М. Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясында математика мугалими болуп иштөөдөн баштаган.

Иштеген эмгегинин акыбети кайтып, окуткан окуучусу Миргүл Жакшыбаева 1989-жылы “Алтын медалы” менен бүткөн. Ал эми 1998-жылы “Жыл мугалими” сынагына катышып, 2-орунду утуп алган. Ошентип, 2006-жылдан баштап окуучулары шаардык олимпиадага катышып, 1-2-3-орундарды ээлеп, жакшы ийгиликтерге жетишкен. Окуучуларга талыкпай берген эмгеги бааланып, 2007-жылы “Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. Үзүрлүү эмгегинин аркасы менен, 2017-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамын алууга татыган.

Тажрыйбалуу мугалим 30 жылдык педагогдук ишмердүүлүгүндө окуучулардын билиминин сапатын  жогорулатууга, материалдык-техникалык базасын чыңдоого чоң эмгегин жумшаган. 2008-2016 – окуу жылдарында 11-класстын бүтүрүүчүлөрү Кеңешбек кызы Акылай, Ашымова Айпери, Бараканов Арген, Чойбеков Нурдөөлөт, Усманова Махбубахон, Абдыкадырова Мээрим ЖРТнын жыйынтыгы боюнча “Алтын сертификат” алууга укуктуу болушкан. Ал эми 2007-жылы республикалык олимпиадага катышып 3-орунду алып келген, 2009-жылы окуучулары математика предмети боюнча шаардык, облустук олимпиадага катышып 1-орунду шаардан, 3-орунду облустан алган. Мындан сырткары, 2010-жылы окуучусу Алтынбекова Зарема республикалык олимпиадага катышып, 1-орунду утуп келген. Зарема Алтынбекова 2015-жылы Москвадагы Россиянын Таможня Академиясында окуп, кызыл диплом менен бүтүргөн.

Сынактарда байгелүү орундарды утуп, ата-энелердин сыйлоосуна татыган

Окуучуларга бир гана математикадан сабак берип тим болбостон, Гүлжан Нийматовна өзү жетектеген классын ар кандай сынактарга даярдап, байгелүү орундарды утуп алууга жетишкен. Айта турган болсок, 2011-жылы шаардык мектептер аралык өрт  коопсуздугун алдын алуу боюнча сынакка катышып 3-орунга ээ болушкан. 2012-жылы шаар аралык “Мекеним – Крыгызстан” деген темада өткөн адеп, ыйман, патриоттук темада өткөрүлгөн сынакта 2-орунга ээ болушкан. Ал эми 2016-жылы “Катардагы аскерге чейинки даярдоо” сынагында 1-орунду утуп алышкан. Жылына ар бир бүтүрүүчү классынан 10дон ашык окуучу ЖРТдан 180ден ашык балдарга ээ болушту. Ошондой эле, 15 окуучусу “Алтын-тамга” өзгөчө үлгүдөгү аттестаты менен менен аякташкан.

Мындан сырткары, Гүлжан эжекенин мугалимдик иш тажрыйбасы улам артып отуруп,  окуу каанасын сыналгы, интерактивдүү доска, проекторлор менен жабдый алган. Жыйынтыгында, окуучулардын билим сапаты жогорулаган. Класс жетекчи катары окуучулардын, окуучулардын, ата-энелердин арасында кадыр-баркы арткан. Гүлжан Маматова – өз кесибинин чыныгы устаты, педагогдук чеберчилиги өтө жогору, чыгармачыл, изденчээк, кесиптештерине жакындан жардамга келе алган камкор устат. Ал иш билги окутуучу катары окуучулардын билим сапатын жогорулатуу менен бир эле катарда ата-энелер коомчулугунун демөөрчүлүгү астында материалдык – техникалык базанын чыңалуусуна да салым кошкон.  

Гүлжан эжеке жөнүндө окуучулары кандай пикирде?

- Гүлжан Нийматовна, бизге 8-класстан сабак берген. Бул мезгил ичинде жеке мен үчүн жана жалпы класс үчүн эң сүйүктүү мугалимибизге айланган. Сабактарды өтө кызыктуу өтчү. Окуучулардын көңүл буруусун камсыз кылуу максатында түрдүү кызыктуу усулдарды колдонот. Ал сабак бергенден баштап математика, геометрия сабактарынан билимдерибиз өркүндөдү. Биз шаардык облустук олимпиадаларга катыша баштадык. Мугалим берген билимдин негизинде мен мыкты окуучулардын катарына кошулдум. Шаардык олимпиадада 8-класста 2-орунду, 9-класста 3-орунду ээлегем. Эжеке окуучуларды олимпиадага, тестирлөөлөргө даярдоодо өтө жоопкерчилик менен мамиле жасайт. Мектепке саат 7де келет, сабакка чейин жана сабактан кийин даярдайт.

Гүлжан Найматовна – илимий билимге ээ мугалим гана эмес, психологиялык, чыгармачыл билимге ээ болгон мугалим. Татаал кырдаалдарда колдоо көрсөтүп, кеңештерин берет. Окуучулар жана мугалимдер менен жылуу мамиледе. Жаш адистерге усулдук жардам берет. Көпчүлүк мугалимдер анын өткөргөн класстык жана ачык сабактарын суктануу менен карашат деген ойдомун Ошондой эле, ал сергек жашоо образынын айкын жактоочусу, - деген пикирин М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү  Султан Панарбеков калтырган.

“Үзүрлүү ишмердүүлүгүнүн булагы болуп – балдарга болгон сүйүүсү саналат”, - Г.П.Постельняк

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Г.П.Постельняктын пикрине караганда, Маматова Гүлжан Нийматовна өз предметин мыкты билгендиги, усулдук сабаттуулугу жана окутуунун психологиялык мыйзам ченемдүүлүктөрүн жакшы өздөштүргөндүгү менен өзүнүн кесиптештеринен айырмаланат.

“Математика сабагынан окуучулардын ЖРТдан жана шаардык, облустук, республикалык олимпиадалардан жогорку жыйынтыктары эсептелет. Гүлжан Нийматовнанын ишмердүүлүгүнүн булагы болуп – балдарга болгон сүйүүсү, өз предметин терең билүүсү, өзүнүн педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүүнүн үстүндө ырааттуу иш алып баруусу саналат Ал ар бир сабакта окуучулардын чыгармачыл активдүүлүгүн өстүрүүгө аракет жасайт. Анын сабактары максаттуулугу илимийлүүлүгү, жыйынтыктуулугу менен заманбап сабакка коюлуучу талаптарга жооп берет. Клласс жетекчи катары да, жаш муундарды тарбиялоо ишинде да жакшы ийгиликтерди жаратып келүүдө. Аны окуучулар менен ачык жана жылуу мамиле байланыштырып турат. Гүлжан Найматовна ар бир окуучуну түшүнүүгө, бул жашоодо өз ордун табууда жардам берип келет. Өз ишине болгон жигердүү иш-аракетинин аркасында Г. Маматова чогуу эмгектенген кесиптештеринин жана ата-энелердин урматына татыктуу болууда”, - дейт Г.П.Постельняк.

Т.Султанходжаева: “Окутуунун кызыктуу жана заманбап усулдарын пайдаланат”

Шаардагы №1 мектеп-гимназиясынын кесиптик кошундар уюмунун төрайымы, география мугалими Танабар Султанходжаева өз кесиптеши Гүлжан Маматова менен 13 жылдан бери чогуу эмгектенип келе жатат. Бул мезгил аралыгында аны чыгармачыл жана сабаттуу мугалим катары тааный алгандыгын билдирет.

- Мага Гүлжан Нийматовна менен жакындан иштешүугө туура келгендиктен анын ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштым. Анын сабактарына катышып, ал өз кесибинин чыныгы ээси экендигине ынандык. Сабактын башталышында окуучулардын көңүл буруусуна жетишүү ыктарын жакшы өздөштүргөн чыгармачыл мугалим. Ал окуучуларды көйгөйлөрдү өз алдынча чечүүгө, түшүнбөгөн суроолорду берүүгө үйрөтөт. Ошондой эле, сабакты алып баруунун жолдорун жакшы билет. Айрыкча анын сабактардагы уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн, окуучулар менен байланыштуулугун, демократиялык стилин баса белгилегим келет.

Мындан сырткары, Гүлжан Нийматовна класс жетекчи катары, ал өз окуучулары жана алардын ата-энелери менен тыгыз мамиле түзө алат. Ал социалдык талдоонун кээ бир түрлөрүн өткөрөт. Бир сөз менен айтканда, Г.Маматова - окуучулардын кызыгууларына жана маселелерине көңүл бурган мугалим. Ал окутуунун кызыктуу жана заманбап усулдарын жана технологияларын колдонот. Илимий усулдук даярдыгынын деңгээли жогору болгон педагог. Биздин мугалимдин жигердүү жана талыкпаган эмгеги жогорку көрсөткүчтөрдү берүүдө. Жетишкен жогорку ийгиликтеринин негизинде Маматова Гүлжан Нийматовна – мыкты кесиптеш, - дейт Т.Султанходжаева.

Макаланын соңунда, жогоруда биз сөз кылган Маматова Гүлжан Нийматовна эжекеге бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди, чыгармачылык эргүүнү, мындан ары да окуучуларына талыкпай билим берип, үй-бүлөөсү менен бактылуу турмушта жашоосуна тилектеш экендигибизди билдирип кетмекчибиз.

Бул макала КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Европа Биримдигинин “Мугалим – бул Кесип” аттуу сынагынын алкагында жарыяланды.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24