KELECHEK
rek

UFC'нин чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга учуп келди

UFC'нин чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга учуп келди

Валентина Шевченко.

Таймаштын аралаш түрү боюнча UFC'нин чемпиону болгон кыргызстандык Валентина Шевченко бүгүн, 7-апрелде Бишкекке учуп келди.

Спортчуну "Манас" эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, Жаштар иштери жана дене тарбия агенттигинин жетекчи орун басары Канат Арпачиев тосуп алды. Мындан сырткары аба майданына Шевченконун жакындары, күйөрмандары чогулушту.

Буга чейин Валентина Шевченко "Инстаграмдагы" баракчасы аркылуу Бишкектеги жана Оштогу күйөрмандары менен жолугарын кабарлаган. Салтанаттуу жолугушуу эртең, 8-апрелде "Бишкек парк" соода борборунда өтөт.

Кыргызстанда төрөлүп өскөн Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болгон.

UFC уюмунун эң жеңил салмактагы (flyweight. 57 кг.) чемпиондук титулу үчүн беттеш Канадада өтүп, Шевченко польшалык Йоанна Ежейчик менен беттешкен. Мелдештин жүрүшүндө беш раундда Шевченко үстөмдүгүн көрсөтүп, жеңүүчү аталган.

Шевченко абройлуу саналган UFC уюмунун тарыхында эң жеңил салмакта чемпиондук наамды алган экинчи аял спортчу болуп калды.

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20