KELECHEK
rek

Ден соолук - бардыгы үчүн! (ФОТО)

Ден соолук - бардыгы үчүн! (ФОТО)

Жыл сайын 7-апрелде – Бүткүл Дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленет. Бул күнү Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму түзүлгөн.  2019-жылдын темасы: «Ден соолук - бардыгы үчүн!» деген девиз менен өткөрүлөт. Бул тууралуу 5-апрель күнү “Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында айтылды.

Аталган маалымат жыйынга Жалал-Абад облустук саламаттык сактоо тармагынын координаторунун орун басары Кадича Пратова, облустук Ден соолукту чыңдоо кабинетинин башкы адиси Шайлоокан Торобекова, облустук бириккен ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы Авангард Кочеров, Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкери Саидаббас Раимжанов катышты.

Жалал-Абад облустук саламаттык сактоо тармагынын координаторунун орун басары Кадича Пратованын берген маалыматына караганда, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1948-жылы уюшулган. Азыр 200дөн ашуун мүчөлөрү бар. Ошол себептен, ВОЗ уюму уюшулган күн 7-апрель – Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү катары белгиленип калган.

- Ден соолук күнүн белгилөөнүн негизги максаты – элибиздин бардыгын саламаттыкты сактоо кызматы менен камсыздоо, жеткиликтүү дарылануусуна шарт түзүү болуп саналат. Ден соолук күнү жыл сайын ар түрдүү ураан менен өтөт. Быйылкы жылы: “Бардыгына – ден соолук!” ураанынын астында өтөт. Жалал-Абад шаардык мэриясы менен биргеликте иш-чара түзүлүп, ошонун негизинде биз ден соолук күнүн өткөрүп жатабыз.  Элге өзүнүн ден соолугуна зыян болгон алкогол ичимдиктерин ичүүдөн, тамеки жана насвай чегүүдөн баш тартууга үгүттөө иш-чаралары өткөрүлөт. Ушулардын бардыгы өзүнүн ден соолугуна өтө терс таасирин берет. Ошондуктан, ушул жаман илдеттерден кутулуунун жолун элге үйрөтүү болуп турат. Ошондой эле, эмдөө маселеси бизде өтө көйгөйлүү болуп жатат. Эмдөөдөн баш тарткандар көбөйүп жаткандыктан,  бүгүнкү күндө кызамык оорусу күч алууда. Кызамык менен ооругандардын 50 пайыздан жогорусу бул эмдөөдөн  баш тарткандар болуп жатат, - дейт К.Пратова.

Жалал-Абад облустук Ден соолукту чыңдоо кабинетинин башкы адиси Шайлоокан Торобекованын маалыматына караганда, Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн белгилөөнүн мааниси – өтө терең түшүнүктү өзүнө камтыйт.

- Биз бир эле тармактуу ооруну карабастан, бардык тармактуу ооруларды карайбыз. Биздин иш-чараларыбыз көп кырдуу болуп эсептелетт. Бардык гайон-шаарларга аткарыла турган иш-чаралардын планын жеткиргенбиз. Жалал-Абда шаарында иш-чаранын алкагында чуркоо, флешмоб өткөрүлүп, айлана-чөйрөнү коргоо аны жашылдандыруу үчүн атайын ишембиликтер уюштуруллат. Ал эми мекеме-ишканаларда спорттук мелдештерди уюштуруп, анда иштегендердин күнүгө көнүгүүлөрдү жасоосуна, туура тамактануусуна көңүл буруусу, сергек жашоону үйрөтүү, ден соолук канчалык маанилүү экендигин боюнча маалыматтарды жеткирүү. Маалымат берүү менен көптөгөн оорулардын алдын алууга жакшы мүмкүндүк берет, - дейт Ш.Торобекова.

Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы Авангард Кочеровдун маалыматына караганда, Дүйнө жүзүндө 240 -250 миң адам көзү начар адамдар  оору менен жабыркап келет.

- Орусиянын маалыматы боюнча, 80 млн. адам көз оорудан майып болуп саналат. Азыркы учурда дүйнө жүзүндө үч көз оору бар. Эң эле кыйын көз оору – бул глаукома оорусу эсептелет. Дүйнө жүзүндө 70 млн. адам глаукома оорусу менен ооруйт. Глаукома оорусун алдын алып дарылабаса, бул оору өтүшүп кеткенден кийин, аны дарылаш өтө кыйын болуп калат. Мурун иш-план түзүп алып, көз ооруларынын алдын алуу максатында мекеме-ишканаларга, мектептерге, бала бакчаларга барып, атайын текшерүүлөрдү өткөрөт элек. Көздүн курчтугун текшерип, жашы 40 жаштан өткөндөрдүн көзүнүн кан басымын өлчөйт элек.

Акыркы убактарда Улуттук Кызыл ай коому менен биргеликте иштеп,  алыскы райондорго барып профилактикалык текшерүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Быйыл Кызыл Ай коомунун жардамы менен 5 млн. сомго көз ооруларын текшере турган аппаратуралар Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканага, Кара-Көл шаарына, Аксы районуна берилди. Бул берилген аппараттардын максаты – көз ооруларын алдын ала дарылоо,  алдын ала диагностика болуп саналат, - деди Авангард Кочеров.

Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкери Саидаббас Раимжановдун маалыматына караганда, 2019-жылдын 25-мартынан Бүткүл Дүйнөлүк Ден соолук күнүн майрамдоо алкагында Кызыл жарым ай коому калк арасында көз ооруларын алдын алуу жана диасгностикалоо боюнча ар түрдүү иш чараларды өткөрүүдө.

- Мисалы, 2019-жылдын 25-мартынан 29-мартына чейин Баткен облусунун 50 ҮДТ на Сивцевдин таблицасы (көздүн курчтугун аныктоо үчүн) таратылды, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун терапевтери таблица менен иштөө боюнча окутуулардан өтүп, «Ачык эшик күндөрүн» өткөрүштү. Көздүн көрүүсү бузулгандыгы аныкталган  учурда, пациенттерди жакынкы үй - бүлөлүк дарыгерлер борборуна адистерге жөнөтүп жатышты.

Кыргызстан Кызыл ай коомунун оорунун алдын алуу жана медициналык жардам көрсөтүүнү бекемдөөнү кеңейтүүдө өлкөбүзгө кошкон салымы чоң. Улуттук Кызыл ай коомунун саламаттыкты сактоо тармагындагы эң маанилүү  багыттарынын бири болуп «Кыргызстандын түштүгүндөгү аярлуу жамааттарга офтальмологиялык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу» долбоору. Бул ишмердүүлүк Швейцария Кызыл чырым коомунун колдоосу менен ишке ашырылууда жана  Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында көз оору илдетин алдын алууга багыталган, - деди С.Раимжанов.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен Ош облусунда  орто мектептин окуучуларынын жана кесиптик лицейлрдин угуучуларынын көзүнүн көрүүсүн текшерүү жана ар түрдүү сынактарды өткөрүү пландалууда. Ошондой эле, көздү диагностикалоо балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына уюштурулат.

Ал эми 8-апрелден баштап Жалал-Абад облусунун аймактарында:  Жалал-Абад, Кара-Көл шаарларында, Аксы районунда ар түрдүү иш чаралар (көрүүсүн, А/Д, кандагы кантты текшерүү) Бүткүл Дүйнөлүк Ден соллук күнүнө карата спорттук оюндар (чуркоо, көнүлдүү старттар, асфальтта сүрөт тартуу) өткөрүлөт.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24