KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Олимпиада жана дүйнө чемпиону, легендарлуу гандболист Талант Дүйшебаев менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Олимпиада жана дүйнө чемпиону, легендарлуу гандболист Талант Дүйшебаев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 12-апрелде Олимпиада жана дүйнө чемпиону, легендарлуу гандболчу жана машыктыруучу Талант Дүйшебаев менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Талант Дүйшебаевдин жетишкендиктери кыргыз эли үчүн чоң сыймык экендигин билдирди.

«КМШ курама командасында Олимпиада чемпиону, Россия курама командасында дүйнө чемпиону, Испаниянын курамында 2 жолу Олимпиаданын коло медалынын ээси, гандбол боюнча чемпиондордун лигасында 4 жолу жеңишке жетүү, Европанын Суперкубогун эки жолу жеңүү, Испаниянын 4 жолку чемпиону болуу, Польшанын Кубогунун чемпиону жана башка ийгиликтер көп жылдык мээнеттин жыйынтыгы. Эки жолу дүйнөнүн мыкты гандболчусу, 20-кылымдагы планетанын 2-оюнчусу деген наамдар менен биз өзгөчө сыймыктанабыз. Мен Сизди кыргыздын мыкты уулу, эң атактуу, легендарл уу спортсмени деп сыймыктануу менен айтам», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Дүйшебаевдин машыктыруучулук жогорку дараментинин натыйжасында дүйнөлүк, европалык аренада жетишкен ийгиликтерин кубаттады. Ал жетектеген командалардын ийгиликтерди багындырганга өбөлгө түзүп, жүздөгөн спортчулардын жүрөгүндө башкы устаты, насаатчысы катары түнөк тапканын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Т.Дүйшөбаевдын өзүнүн балдары да гандболчу болуп дүйнөлүк аренада ийгиликтерге жетишип жатканын белгилеп, Кыргызстанда гандбол менен  машыгып жаткан жаштарга чоң үлгү, дем берет деп билдирди.

Талант Дүйшебаев Президент Сооронбай Жээнбековго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, кайда гана болбосун ар дайым мекенин ойлоп жүрөрүн билдирди. «Албетте мен кыргыз катары элимди, жеримди дайым эстеп жүрөм. Мага мындай колдоо күч-кубат жана жеңишке болгон ишеним берип турат. Мен сизге колдоо көрсөтүп жатканыңыз үчүн ыраазычылык билдирем».

Президент Сооронбай Жээнбеков Талант Дүйшебаевге былтыр Президенттин жарлыгы менен сыйланган 2-даражадагы «Манас» орденин тапшырды.

Өз кезегинде Талант Дүйшебаев өз мамлекети тарабынан  берилген сыйлык үчүн кыргыз элине жана өлкө башчысына ыраазычылык билдирип, бул ага сыймык жана жоопкерчилик экенин баса белгиледи.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20