KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз улуттук академиялык жана Мамлекеттик улуттук орус драма театрларына барды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз улуттук академиялык жана Мамлекеттик улуттук орус драма театрларына барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-майда, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына барды.

Чыгармачылык пландар, театрлардын абалы жөнүндө Президентке театрлардын жетекчилери жана маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов айтып беришти.

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков маалымдагандай, театр 1926-жылдын 2-ноябрында негизделген. Театрдын имараты 1972-жылы пайдаланууга берилген. Акыркы жолу оңдоп-түзөө иштерине 2010-жылы 8 млн сом бөлүнгөн. Учурда имарат оңдоп-түзөө иштерине жана материалдык-техникалык базасын жаңылатууга 76 млн сомдон ашуун акча каражатына муктаж.

Мамлекет башчысы чыгармачыл коллективдин репетициясына күбө болду. Асылбек Өзүбеков театрда тапкан каражаттардан жылына алты спектаклдин бет ачары тартууланып, орточо эсеп менен жаңы спектаклди чыгаруу үчүн 2 млн сомго жакын акча каражаты жумшаларын айтып берди.

Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын директору Евгений Кузнецовдун маалыматына ылайык, театр 1935-жылы негизделген. Акыркы жолу 2016-жылы чатырын жабуу максатында ички каражаттан 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Мындан тышкары, 2015-жылы бюджеттин эсебинен коомдук ажатканасын оңдоо ишине 1 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. 1972-жылдан бери театрдын имараты капиталдык ремонт иштеринен өтө элек, материалдык-техникалык базасы эскирди. Бүгүнкү күндө капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 114 млн сомдон ашуун акча каражаты керектелүүдө. Театр жылына 36 спектакль коюп, алардын ичинен 6сы жаңы спектаклдердин бет ачары.

Мамлекет башчысы эки театрдын имараттарын көрүп чыгып, алардын тез арада капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн каржылоону тездетиш керектигин белгиледи. Ал начар шартта эмгектенип келген, бирок ишине берилген чыгармачыл коллективдерге ийгилик каалап, каржылоо маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтөөрүн убада кылды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29