KELECHEK
rek

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс таасирин тийгизип келе жатат. Буга акыркы мезгилдеги эле Жогорку кеңешке болгон шайлоону атап өтүүгө болот. 

Акыркы шайлоодо эч кимди бирөө мажбур кылып добуш бердирген жок. Карапайым эл өзүнүн добушун акчага сатты. Алар бүгүнкү курсагын ойлоп эле, эртеңки келечегин унутуп коюшту. Белгилүү болгондой акчалуу болгон партиялар парламентке келишти. Бул да болсо элибиздин укуктук маданиятын билдирет.

“Бирок, эл шайлаганын шайлашты да, эми бизге мындай депутаттардын эмне кереги бар деп айтып жатышат. Эл кандай адамга добуш берсе, ошого жараша өлкөнү башкарган татыктуу партиялар, адамдар келет. Ошол себептен, ар бирибиз өзгөрүп, укугубузду билип, татыктуу адамдарды шайламайынча, бизде өзгөрүү болбойт”, - дейт Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук пропаганда башкармалыгынын башчысы Айбек Чотонов.

Чыдыгында көпчүлүк калкыбыз өзүнүн укугун билбей, жөнөкөй эле маселелерин чечүү үчүн ар кайсы органдарга кайрылганы менен ал кайрылуулар чечилбей, кагаз жүзүндө эле калып калат. Жергиликтүү бийлик маселелерди чечпей койгондуктан, алар арыздарды КР Президентине, КР Жогорку Кеңешине, КР Башкы прокуратурасына тынбай жазып келишет. Ал жазылган арыздарга кагаз жүзүндө жооптор берилгени менен маселелер ошол бойдон эле чечилбей деле калып калат. Бул күнүмдүк турмушта ар дайым кездешип жатат.

Эркин журналист Азамат Тынаевдин пикирине караганда, калктын өзүнүн укуктарынын бири – бул өмүр боюу өзүнүн укуктарын билүүсү керек. Анткени, бул өтө зор жана чексиз нерсе.

- Адам туулгандан баштап, өлгөнгө чейин турмушубузда, иштерибизде аткарыла турган иштер көп. Биз билебиз, адам төрөлгөндө төрөт үйүнөн баштап, бала бакчага баруу, мектеп, университетке чейинки ар бир кадамыбыз акча, же болбосо бирөөлөрдүн буйруктарын аткаруу болуп жатат. Кээде ойлосоң адамдар кимдир бирөөлөрдүн керегине жаралгандай болуп калат. Ошондуктан укук таануу, укук билүү албетте бул мамлекет тарабынан демилгелениш керек. Журналисттер биз кандай салым кошо алабыз? Биз иштеген гезиттерибизде атайын укуктук темада рубрикаларды ачып, телеканал менен радиолордо берүүлөр менен уктурууларды даярдашыбыз керек. Ага билими бар адистерди, адвокаттарды чакырып, мүмкүнчүлүк болгондо чет өлкөлүк эксперттерди да чакыруу менен агартуу иштерин аткаруу зарыл. Анткени, көпчүлүк учурда элдер өздөрү өзүнүн укугун коргоо үчүн кайда барууну, эмне кылууну билишпейт. Барганда да, биздин бюрократтарды билебиз да. Аларга кайрылган адамга мамиле кылууну билишпейт. Биздин кыргыз прессасы, ЖМК баары биргелешкен жумуш аткарса, ошол иштери натыйжалуу болгондо, Кыргызстанды бат эле оңдоп койсок болот. Анткени, башка бирөөлөрдү мисал келтирип, өнүккөн өлкөлөрдү айтканыбызда биринчи орунда адамдын укугу турат. Ошондой эле, адамдар да өзүнүн укугун коргогонду, жолдорун да билишет. Мына ушул жагынан аксап жатабыз. Кыргыз коомунун алдында журналисттердин абдан чоң карызы бар. Бул кемчиликти жоюу үчүн журналисттер калктын укуктук маданиятын көтөрүүгө терең маани бериши керек”, - дейт А.Тынаев.

Калкыбыздын укуктук билимин жогорулатуу жаатында быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук пропаганда башкармалыгы тарабынан бир топ иштер аткарылып жатат. Аталган башкармалыктын башчысы А.Чотоновдун айтымында, 2013-жылы Улуттук изилдөө институту тарабынан изилдөө жүргүзүлгөн. Ошол изилдөөнүн анализи боюнча биздин элдин укугу төмөндөп бара жаткандыгы белгилүү болгон.

“Менин өзүмдүн анализим боюнча биздин элдин укугунун төмөндөшү Советтер союзу жоюлгандан кийин төмөндөп кетти. Өзүңөр ойлоп көрсөңөр биздин элдин укуктук маданияты Советтик мамлекетте өтө жогору болчу. Анткени, коммунисттик партиянын идеологиясы күчтүү болуп, алар коомго жат көрүнүштөгү адамдарды коомчулуктун катышуусу менен тарбиялап туррчу. Азыр болсо, 90-жыдардан кийин бул нерсе жок болуп калды. Элдин баары кантип акча тапсак, кантип жашообузду өткөрсөк деген ой менен эле алектенип калышты. Башка коңшу мамлекеттерге караганда, биздин жашообуз кыйындап бара жатат. Ошол себептен, баарыбыз өзүбүздүн укук жөнүндө унуткарып койгондойбуз. Бир адамдын укугу чектелген жерден, экинчи адамдын укугу башталат. Ошол себептен биз жаңы коом түзүшүбүз керек”, - дейт А.Чотонов.

Калктын укуктук маданиятын жогорулатуу багытында быйылкы жылы бир топ иштер аткарылды. Ага мисал катары Кыргыз Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартында кабыл алынган “2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү Концепциясын бекитүү жөнүндөгү” № 122 токтомун атап кетсек болот. Аталган токтом эки бөлүктөн туруп, 5 жылдык программаны ишке ашыруу үчүн 150 млн. сомдук каражат талап кылынат.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук пропаганда башкармалыгынын башчысы А.Чотоновдун берген маалыматына караганда, Концепцияны ишке ашыруу үчүн керек болгон каражатты бөлүп берүү боюнча КР каржы министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул Концепциянын ишке ашышына донорлук уюмдар да колдоо көрсөтмөкчү.

- Концепцияны ишке ашыруу үчүн КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иш алып барып, мурда мектептерде 9-класстан эле “Адам жана коом” деген сабак өтсө, эми бала бакчадан баштап, мектепке кирип, бүткөнгө чейин “Укуктук тарбия” деген сабак киргизилип жатат. Бала кичине кезинен баштап эле укуктук маданиятты окуп үйрөнүшөт, ошентип 10-20 жылдан кийин коом башка болуп өзгөрөт. Бул багытта тарбиячылар жана мугалимдер атайын окуудан өтүшүп, бул программа 2017-2018-окуу жылдарында ишке ашмакчы. Ал эми Концепциянын экинчи бөлүгүндө болсо, укуктук пропаганданын эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча донорлор менен биргеликте флешмоб өткөрүлүп жатат. Быйылкы жылы 5-Май-КР Конституция күнүнө карата Кыргызстан боюнча “Мен Конституция менен жашайм!” деген темада флешмоб өткөрүп, элге бекер баракчалар таркатылды. Июнь айынын аягында юристтер күнүнө карата жарандарга бекер юридикалык кеңеш берүү боюнча “Укугуңду бил” аттуу флешмоб акциясы өткөрүлүп, ага 1700 адамга укуктук жардам берилди, - деди А.Чотонов.

Ал эми Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жарандарга бекер юридикалык кеңеш берүү боюнча “Укугуңду бил” аттуу флешмоб акциясын өткөрүүнү улантып келе жатышат. Бул тууралуу башкармалыктын башкы адиси Алмаз Аманбаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 22-23-июнь күндөрү Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынын Токтогул Сатылганов паркы менен Барпы Алыкулов драма театрынын тушунда жана Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын борбордук аянтында жарандарга бекер юридикалык кеңеш берүү боюнча “Укугуңду бил” аттуу флешмоб акциясын өткөрүштү.

- Аталган акция, Кыргыз Республикасынын “Юристер күнүнө” карата, калктын укуктук сабаттулугун жогорулатуу жана укуктарын коргоо максатында өткөрүлүдү. Бекер юридикалык кеңеш берүү боюнча өткөрүлгөн акцияга Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын адистери, Кочкор-Ата шаарынын мамлекеттик нотариусу жана Жалал-Абад шаарынынын адвокатурасынын адвокаты катышып, кайрылган жарандарга юридикалык кеңеш берип кызматтарын көрсөтүштү. Акциянын жүрүшүндө, адистер тарабынан жалпысынан – 50гө жакын жаранга юридикалык кеңештер берилди. Ушундай иш-чараларды мындан кийин да өткөрүп турабыз, - дейт облустук юстиция башкармалыгынын кызматкери А.Аманбаев.

Эскерте кетсек, “Укугуңду бил” аттуу флешмоб акциясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин демилгесинин алдында “Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө жардам көрсөтүү” долбоору боюнча Европа Биримдигинин каржылоосу менен өткөрүлдү.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24

Бекболот Миңбаев: “Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч эсеге көбөйдү ”

Бекболот Миңбаев: “Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч эсеге көбөйдү ”

Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч жыл аралыгында 3 эсе көбөйүп, 2016-жылы 88,5 млн. сомду түздү. Бул тууралуу...

АНАЛИТИКА 2016-08-26  15:35