KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 4-июлда Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун (КТБ) иши менен таанышты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовдун маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын аткарууга алып, калкты тейлөөнү жакшыртуу жана жакшы шарт түзүү максатында жаңы имаратка көчүрүлүп, 2019-жылдын 1-июлунан тартып өз ишин жаны имаратта жүргүзө баштады. 2018-2019-жылдары Борбордогу бардык кызматтар автоматташтырылды. Жаңы имаратта жаран келип кайрылганда кеңири маалымат берүүдөн баштап автоматташтырылган система менен электрондук кезекке туруу, санариптик сүрөткө тартуу, паспортко кабыл алуу, убактылуу жана туруктуу каттоого туруу, жарандуулук алуу үчүн документтерди кабыл алуу, чет өлкөлүк жарандарды убактылуу каттоого алуу кызматтары көрсөтүлөт.

Мамлекет башчысы Калкты тейлөө борборун көрүп, анын иштөө принциптери менен таанышып чыгып, мындагы процесстерди санариптештирүүнүн жакшы үлгүсүн, ал өлкөнү санариптештирүү Жылынын талаптарына толук жооп берерин канааттануу менен белгиледи. 

Президент Сооронбай Жээнбеков иш процесстерин толук автоматташтыруу жана санариптештирүү бүт өлкө боюнча бардык мамлекеттик органдарды камтышы зарыл экенин баса белгиледи.

Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борбору 2015-жылдан бери иштейт. Анда 20 кызматкер эмгектенет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41