KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарында 18 ишканалык өнөр жай зонасын куруу боюнча долбоор менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарында 18 ишканалык өнөр жай зонасын куруу боюнча долбоор менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда, Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында Баткен шаарында 18 ишканалык өнөр жай зонасын куруу боюнча долбоор менен таанышты.

Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов өнөр жай зонасын жана анын объектилерин куруу боюнча Мамлекет башчысына маалымат берди.

Ал айткандай, бүгүнкү күнгө карата жалпы 176,5 га жер аянтын «Айыл чарба» багытындагы жерлер категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер» багытына трансформациялоо» күтүлүүдө.

Трансформациялоо боюнча процедуралар бүткөн соң бул жер тилкесинде индустриялык соода-логистикалык борборун, дене-тарбия жана ден соолукту чындоо комплекси, ун комбинаты, курулуш материалдар заводу, бут кийим фабрикасы, жүн жана тери иштетүүчү завод, таштандыларды кайра иштетүүчү завод, нефтебаза, машина жыйноочу цех, тоо-кендерин иштетүүчү комбинат, жылуулук электр станциясы ж. б. сыяктуу 18 ишканаларды куруу пландалууда. Натыйжада 1200 адам жумуш орду менен камсыз болот.

Шаар мэринин айтымында, өткөн жылы шаарга 86 млн сомдук инвестиция келген, ал эми 2019-жылдын 6 айы ичинде 220 млн сом инвестиция тартылды. Бул каражатка 2020-жылга чейин өнөр жай зонасында бир нече ири ишканаларды ишке киргизүү болжолдонууда.

Ошондой эле ал коомдук уюмдардын көмөгү менен шаарда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн наркы 100 млн сомдук көп батирлүү үй курулууда.

Мамлекет башчысы бул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда экспортко багытталган ишканаларды курууга басым жасоо зарылдыгын белгиледи. Бардык зарыл коммуникацияларды жана инфраструктураны курууга өзгөчө көңүл буруу керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарынын тургундарына жана жетекчилигине алардын шаарды жана шаарга жакын жайгашкан территорияларды өнүктүрүүгө багытталган аракеттерине ийгилик каалап, регионалдык долбоорлорду илгерилетүүгө көмөктөшүү үчүн мамлекет бардык зарыл чараларды көрүп жатканын баса белгиледи.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38