KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагында 10-июлда Берн шаарында Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Швейцария менен эки тараптуу мамилелер Кыргызстан үчүн тышкы саясатта эле эмес, экономиканы ийгиликтүү өнүктүрүүдө да артыкчылыктуу экенин белгиледи. Швейцария парламенттик демократияны курууда, жарандык коом институттарын бекемдөөдө, улуттук өнүгүү программаларын ишке ашырууда Кыргызстанга омоктуу колдоо көрсөтүүдө.

Президент өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу жана ишкерлик менен алектенүү үчүн, өзгөчө чакан жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кенен айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда региондогу эң либералдуу фискалдык режим түзүлгөнүн кошумчалады.

«Кошумча нарк салыгы — 12 пайызды, пайдага салыгы — 10 пайызды,  ал эми киреше салыгы да 10 пайызды түзөт. Регионалдык өнөр жай долбоорлорун ишке ашырган инвесторлор үчүн абдан сезилерлик салык жеңилдиктери берилген», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал Кыргызстанда экономиканын бардык секторлору инвесторлор үчүн ачык экенин өзгөчө белгиледи.

«Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгү активдүү илгерилетүүдө. Кымбат эмес ресурстарга, анын ичинде арзан электр кубаттуулугуна жеткиликтүүлүк биргелешкен ишканаларды түзүүдө салыштырмалуу артыкчылыктарды берет. Электр кубаттуулугунун баасы КМШ өлкөлөрү ичинде эң төмөнкү чекте. Кыргызстандын ЕврАзЭБге мүчөлүгү 180-миллиондук рынокко мүмкүнчүлүк берет», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Швейцариянын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү ар кандай инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Алар санариптештирүү, сертификациялоо, финансы, энергетика, туризм, мунай кайра иштетүү, сүт азыктарын өндүрүү чөйрөлөрүндө өз ара аракеттешүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтышты.

КМШ өлкөлөрүндө долбоорлорду ишке ашырууда швейцариялык ишкер чөйрөлөрүнө көмөктөшүп келаткан инвестициялык компаниялар жакында Кыргызстанга келишерин билдиришти.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга «Herculis Partners», «ABB Schweiz», «Tatneft Europe», «OBVIAM Investing for Impact», «Blue Orchard Finance», «Integral Petroleum», «SICPA», «Switzerland Tourism» сыяктуу ири компаниялардын, ошондой эле Швейцариянын Бириккен соода палатасынын, Швейцариянын Экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) жетекчилери, өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12