KELECHEK
rek

Азимжан Аскаровдун соту 30-июлга жылдырылды

Азимжан Аскаровдун соту 30-июлга жылдырылды

2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук отурум 30-июлда болот.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму анын иши Кыргызстандагы жазык мыйзамдарын декриминализациялоого байланыштуу Чүй облустук сотунда караларын билдирди.

Процесс алгач 16-июлга белгиленип, ишти карачу соттук коллегиянын курамы толук эмес болгондуктан 30-июлга жылдырылган.

«Пробация институту тарабынан киргизилген жаңы жазык мыйзамдарына байланыштуу Кыргызстан жабык мекемелердеги оорулуулар, улгайгандар, аялдар, пенсионерлер жана балдар сыяктуу аялуу топтордун, өзгөчө муктаждыктагы камактагы адамдардын укуктарынын стандарттарын жана гумандуулуктун бийик принциптерин альтернативаларды колдонуу менен дүйнө жүзүнө көрсөтүшү керек», - деп айтылат «Бир дүйнө - Кыргызстан» тараткан билдирүүдө.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Анын иши 2017-жылы БУУнун сунушу менен кайра каралып, Чүй облустук соту «Аскаров улут аралык жаңжалды козутууга катышкан, Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосууга аралашкан, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберген» деп тапкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53