KELECHEK
rek

Тажикстандын чыгышында катуу сел жүрдү

Тажикстандын чыгышында катуу сел жүрдү

Тажикстандын чыгышындагы Сангвор районунда селден улам көпүрө бузулуп, үйлөр жана жолдор суунун алдында калды.

“Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, табият кырсыгы бир нече үйдү кыйратып, жер-жемиш, эгин талааларын жууп кетти.

Тажикстан Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети чыгымдарды баалоо үчүн атайын топ түзүп, аймакка жөнөттү. Курмандыктар жок.

Комитет өткөн аптада аба ырайы өтө ысый турганын эскертип, жарандарды этият болууга чакырган. Мекеме тоолуу аймактарда кар, муз ээрип, суу кириши мүмкүн экенин билдирген.

Быйыл март айында Сангвор районунда кар көчкү жүрүп, онго жакын турак-жай бузулган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...