KELECHEK

Чүй милициясынын башчысы Курманкуловго кайрадан операция жасалат

Чүй милициясынын башчысы Курманкуловго кайрадан операция жасалат

Самат Курманкулов.

Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов кайрадан операцияга жаткырылды. Мындай чечимди 8-августта эртең менен дарыгерлер Курманкуловдун абалын кайрадан текшерип чыгып, томограмманын жыйынтыгынан кийин кабыл алышты.

Буга чейин Самат Курманкулов башынан жаракат алып, ооруканада операция жасалган. Курманкулов мээсинен оор жаракат алган. Ал Кой-Ташта милиция менен Атамбаевдин тарапташтары бири-бирин таш менен урганда башына таш тийип, жаракат алганы кабарланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, эртең мененки саат 10:30га карата Кой-Таштагы окуяда жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 52ге жетти. Алардын 11и күч түзүмдөрүнүн медициналык мекемелерине жөнөтүлдү. 20сы ооруканада дарыланууда, дагы 20 киши дарыгерлердин кароосунан кийин үйүнө жөнөтүлдү. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү каза тапты. 

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажик бийлиги төрөттүн санын азайтат

Тажик бийлиги төрөттүн санын азайтат

Тажик өкмөтү 2019-2022-жылдарга...

ДЕН СООЛУК 2019-08-12  11:39

Түркмөнстанда табыптар президенттин дары чөптөр тууралуу китебин...

Түркмөнстанда табыптар президенттин дары чөптөр тууралуу китебин...

Түркмөнстанда адамдарды салттуу эмес жолдор менен дарылаган...

ДЕН СООЛУК 2019-07-15  18:54

Аллергияга каршы май ойлоп тапкан тажикстандык окумуштуу эки алтын...

Аллергияга каршы май ойлоп тапкан тажикстандык окумуштуу эки алтын...

Мавлуда Давлатмамадова

Тажикстандык окумуштуу Мавлуда Давлатмамадова аллергияга каршы май...

ДЕН СООЛУК 2019-07-11  15:14

Токмоктогу жапырт уулануунун себеби аныкталды

Токмоктогу жапырт уулануунун себеби аныкталды

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык...

ДЕН СООЛУК 2019-07-10  14:34

Ингушетияда эжеси тарабынан сабалган жети жаштагы кыздын абалы оор

Ингушетияда эжеси тарабынан сабалган жети жаштагы кыздын абалы оор

Назрань шаарындагы ооруканалардын бирине туугандары тарабынан катуу сабалган жети жашар Аиша...

ДЕН СООЛУК 2019-07-08  14:42