KELECHEK
rek

Bloomberg: Facebook колдонуучулардын аудио билдирүүлөрүн чечмелеген

Bloomberg: Facebook колдонуучулардын аудио билдирүүлөрүн чечмелеген

"Фейсбук" көп убакыт бою колдонуучулардын аудио билдирүүлөрүн чечмелөө үчүн башка компанияларга акы төлөп келген. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги аталган ишке тартылган компаниядагы өз булактарына таянуу менен билдирди.

"Фейсбук" жетекчилиги бул сыяктуу ишке буюртма бергенин тастыктады. Бирок өткөн аптадан бери бул долбоорго Apple жана Google сыяктуу эле “тыным” жарыялаганын белгиледи.

Компания чоочун кишилердин билдирүүлөрүн чечмелөө аргасыз кадам болгонун: жалданган жумушчулар "Фейсбук" колдонгон жасалма интеллект жазууларды канчалык кылдат чечмелерин гана текшеришкенин түшүндүрдү. Социалдык түйүн жалданма кызматкерлер үндөр кайда жана кандай жагдайда жазылып алынганын билишкен эмес деп ынандырууда.

"Фейсбук" бир нече жолу жашыруун түрдө колдонуучулардын жеке маалыматтарын чогултууга, сатууга айыпталган. Бул дооматтардан улам компания башчысы Марк Цукерберг 2018-жылы апрелде АКШ Конгрессине чакырылган.

Өткөн айда белгилүү болгондой, Siri, Google Assistant жана Alexa сыяктуу “акылдуу колонкаларды” чыгарган Apple, Amazon жана Alphabet компаниялары да колдонуучулардын аудио билдирүүлөрүн жазып келишкени аныкталган.

Буга чейин АКШнын Федералдык соода комиссиясы социалдык түйүндү колдонуучулардын биометрикалык маалыматтарын уруксатсыз чогултууга жана сактоого айыптаган. "Фейсбук" бул үчүн 5 миллиард доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилген. Өткөн аптада АКШнын апелляциялык соту "Фейсбуктун" доо арызын четке каккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...