KELECHEK
rek

Абылгазиев Чаткал районундагы социалдык объектилердин абалы менен таанышты

Абылгазиев Чаткал районундагы социалдык объектилердин абалы менен таанышты

Өкмөт бпшчы Мухаммедкалый Абылгазиев Чаткал районуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Айгыр-Жал айылындагы мектепке чейин билим берүүчү “Нур билим” мекемесинин абалы менен таанышты.

Өкмөт башчыга Кара-Булак жаңы конушундагы «Нур билим» бала бакчасы 75 балага ылайыкташканы, жергиликтүү элдин өтүнүчү менен салынганы тууралуу маалыматтар берилди. Мекеменин курулуш иши 2017-жылы башталып, азыр толугу менен салынып бүткөн.  Бала бакчанын курулушунун сметалык баасы 19,5 миллион сомду түзүп, ал жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.

Учурда электр энергиясы, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча иштер аяктады, жакында эмеректерди сатып алуу боюнча тендер жарыяланат.

Премьер-министр өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча программасынын алкагында социалдык мүнөздөгү маселелерге өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

«Өкмөт билим берүү тармагын жакшыртуу боюнча чара көрүүдө. Анткени биздин максат: билим берүү жана акылдуу балдар»

деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Премьер-министр Чаткал районунун Коргон-Сай айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектепке барды.  100 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушуна 17 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө жумуштун 85 % бүткөрүлдү. Мектеп ушул жылдын сентябрь айында колдонууга берилмекчи.

Премьер-министр бөлмөлөрдү жана мектептин башка имараттарын көрүп чыкты.

Андан кийин, Өкмөт башчы Чаткал дарыясында курулуп жаткан көпүрөнү көрдү. Ал Жаңы-Базар жана Чандалаш айылдарын байланыштырат. Көпүрөнү курууга 20,3 млн сом кеткен.

Премьер-министр жүргүзүлүп жаткан курулуш ишинин сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасын берди. Анткени бул көпүрөнүн жакын жашаган айыл эли үчүн мааниси чоң.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41