KELECHEK
rek

Казакстанда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүү сунушталууда

Казакстанда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүү сунушталууда

Казакстанда жарандык активисттерден турган топ өлкөнүн шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы республикалык референдум өткөрүү демилгесин көтөрүштү.

«Казакстанда парламентаризмди өнүктүрүү фондунун» башчысы Зауреш Батталова «бийлик менен кызматташкандыгы үчүн» өлкөдө катталган партиялардын көбүн сынга алды. Ал каттоодон өткөрүүдө партиянын 40 миң мүчөсү болушу керек деген эрежени өзгөртүп, бул санды 10 миңге түшүрүп, мажилиске өтүү үчүн белгиленген жети пайыздык босого чекти үч пайызга төмөндөтүү керектигин белгиледи.

«Мен азыр катталган партиялар көз карандысыз болоруна ишенбейм. Ошондуктан биз депутаттардын 50 пайызын партиялык тизме боюнча, калганын мажоритардык округдар боюнча тандашыбыз керек», — деди ал.

Өлкө Конституциясына ылайык, парламенттин төмөнкү палатасына кезектеги шайлоо 2021-жылы өтүшү керек. Активисттер бул шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүшү мүмкүн деп тынчсызданышууда.

Нурсултан Назарбаев 21-августта өткөн «Нур Отан» партиясынын саясий кеңешинин жыйынында өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болбой турганын билдирген. «Айрым оппоненттер жана блогерлер мажоритардык системага кайтып, мөөнөтүнөн мурда параменттик шайлоону өткөрүүнү сунуштап жатканын угуп жатабыз. Бүгүн мындай билдирүүлөргө жооп кайтаруу керек. Негизделген аргументтери жок. Баягыдай эле ой-толгоолор», – деген Назарбаев.

Мыйзамга ылайык, референдум өткөрүүгө уруксат берүү укугуна президент гана ээ. Анын уруксатынан кийин добуш берүүнүн тартиби бекитилет.

Өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден кийин июнда өткөн мөөнөтсүз президенттик шайлоодо мамлекет башчысы кызматына Касым-Жомарт Токаев келген. Анда жергиликтүү көз карандысыз байкоочулар шайлоо өнөктүгү маалында жана добуш берүүнүн жүрүшүндө жүздөгөн мыйзам бузуулар болгонун айтып чыгышкан. Алар бул фактылар боюнча сотко кайрылганы менен даттануулары канааттандырылган эмес.

Эл аралык абройлуу уюмдар 9-июндагы добуш берүү ачык жана адилеттүү шайлоо процессинин стандарттарына туура келбегенин белгилешкен. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы жалпысынан шайлоо адилеттүү өткөнүн белгилеп, катталган мыйзам бузуулар добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этпегенин билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган  өзгөртүүлөрдү элге...

Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...

Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...

Шайлоо 2016-10-05  15:02

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...

Шайлоо 2016-10-11  16:24

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...

Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся...

Шайлоо 2016-10-18  22:01

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий...

Шайлоо 2016-10-22  22:19

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...

25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей...

Шайлоо 2016-10-26  12:09

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...

Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп...

Шайлоо 2016-11-02  03:35

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...

Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан...

Шайлоо 2016-11-12  13:24