KELECHEK
rek

“Жашыл долбоор” - токойлорду өнүктүрүүгө көмөк болот

“Жашыл  долбоор” - токойлорду өнүктүрүүгө көмөк болот

Кыргызстандын түштүгүндөгү токойлордун биологиялык ар түрдүүлүк тутумундагы орду Борбордук Азияга канчалык маанилүү болсо, бүткүл дүйнөдөгү орду дагы ошондой эле мааниге ээ. Бул токойлордогу мөмө жемиш жана жаңгак жемиш дарактардын көпчүлүк сорттору байыртадан ошол чөлкөмдө өскөндүктөн, айлана-чөйрөнү коргоонун улуттук жана глобалдык мааниси өтө чоң.

Адистердин болжолдоолору боюнча, Кыргызстан климаттык өзгөрүүлөрдөн көбүрөөк жапа чегиши мүмкүн деп саналган өлкөлөрдүн катарына кирет. Анткени өлкөнүн 93 пайызын тоолуу аймактар ээлейт. Ал эми бул шартта тоо мөңгүлөрүнүн эрүү коркунучу көбүрөөк. Мындай кырдаалда жер кыртышынын эрозиясы күчөп, жер көчкүлөрдү пайда кылат жана жайыттарды жана токой ресурстарын жабыркатат. Айрыкча, өлкөнүн түштүгүндө токойлор аймактагы суу циклин табигый жөнгө салгыч кызматын өтөгөндүгүнө байланыштуу, биринчи кезекте төмөн жаткагы дарыялардын аянттары үчүн токойлордун мааниси абдан зор.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курча турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик Аггенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын  башчысы Бактыбек Эрмековго кайрылып, азыркы учурдагы токойлордун абалы, аны өнүктүрүү багытындагы аткарылып жаткан иштер боюнча бир нече суроолорго жоопторду алдык.

- Бактыбек Зулумбекович, Жалал-Абад облусунун аймагында канча аянтта токойлор бар жана аны сактоо багытында кандай иштер аткарылып жатат?

- Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын мамлекеттик токой фондунун (МТФ) жалпы аянты – 941236,7 га,  анын ичинен  токой каптаган аянт 333476,5 га аянтты ээлейт. Ийне жалбырактуу токойлорунун аянты – 67716,1 г,; жазы жалбырактуу токойлорунун аянты – 136529,7 га, бадалдардын аянты – 129230,7 га түзөт. Негизги породалардын таралуусу боюнча: жаңгак токойлору – 34148,5 га, мисте токойлору – 33132,8 га, алма токойлору – 13810,4 га, бадам токойлору – 2133,9 га. Биздин башкармалыкка Жалал-Абад облусунун аймагындагы 14 токой чарба, 1 токойду коргоо жана сактоо Станциясы, 4 мамлекеттик корук жана 3 улуттук жаратылыш паркы болуп, жалпысы 22 структуралык бөлүмдөр карайт.

Аймактык башкармалыктын (МТФ) аймагында 2019-жылга экме токойлорду олтургузуу план тапшырмасы 591 га аянтка план тапшырма жеткирилип, бекитилген план тапшырма  жалпысынан  1043,1 га аянтка   же 176,5 пайызга аткарылды. Анын ичинен 608,5 га аянт көчөт отургузуу жолу менен, 434,6 га аянт үрөөн себүү жолу менен ишке ашырылды. Аткарылган 1043,1 гектар экме токойлордон  974,08 гектары өндүрүштүк плантация. Кварталдык отчетто 6899 га аянттагы токой көчөттөрүнө асыроо жумуштары жүргүзүлдү.

- Жер көчкү кооптуулугу бар участоктордо жер кыртышынын жылышуу процессин токтотуу максатында аткарылып жаткан “Жашыл долбоор” боюнча токтолуп өтсөңүз?

- Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүгүү программасында “Жашыл долбоорду” ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жер көчкүгө кооптуу деп аныкталган жерлерге эрозияга каршы отургузуу үчүн, 2019-жылга башкармалыктын токой чарбалары  бекитилген тапшырмага  ылайык Сузак, Базар-Коргон жана Токтогул райондорунун тиешелүү айыл аймактарын көчөт менен камсыз кылышты.

- Базар-Коргон районун Кеңеш айыл өкмөтүнө - Арстанбап-Ата токой чарбасы тарабынан 150 даана жаңгак, 80 даана тал жана 180 даана алча көчөттөрү берилди.

- Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө - Орток токой чарбасы тарабынан 500 даана бадам жана 200 даана жаңгак көчөтү берилген. Айыл өкмөтүнүн адистеринин суранычы боюнча,  70кг бадам уругунун ордуна көчөт берилген. 

- Көк-Арт айыл өкмөтүнө - Кара-Алма токой чарбасы тарабынан 500 даана жаңгак жана 70кг бадам уругу берилген. Тапшырмадагы  200 даана көчөттү айыл өкмөттүн кызматкерлери алышкан эмес, себеби эгүүгө жер аянты жок болуп чыккан .

- Токтогул районуна караштуу Бел-Алды айыл өкмөтүнө -Токтогул токой чарбасы тарабынан 900 даана жаңгак көчөтү берилген. План боюнча 500 терек жана 400 даана алчанын ордуна  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрү жана  Бел-Алды айыл өкмөтүнүн адистеринин өтүнүчүнүн негизинде жаңгак көчөттөрү берилди.

Жалпысы үч тараптуу келишимдин негизинде 2019-жылы жер көчкү күтүлүүчү кооптуу аймактарга 2510 даана токой көчөттөрү (70 миң 750 сом) жана 70 кг бадам уругу берилди.

- Токойду коргоо жана сактоо багытында кандай иштер аткарылууда?

- Облусубуздун аймагында  калктуу конуштарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча “Таза жашоо” урааны алдында  жарыяланган үч айлыктын алкагында башкармалыктын токой чарбалары тарабынан район, шаарларды, айыл аймактарды жана мекеме-ишканалардын айланаларын көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга 73 миң 394 даана токой көчөттөрү үч тараптуу келишимдин негизинде 5 млн. 393 миң 260 сомго берилди. Ал эми  39 миң 442 даана көчөт жеке жарандарга 946 миң 120 сомго сатылды.

Токойду коргоо жана сактоо боюнча Мамлекетик токой фондундагы жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагындагы кыдырмалар жазгы текшерүүдөн өткөрүлдү. Кыдырмаларды  жазгы текшерүүдөн өткөрүүдө жалпы башкармалык боюнча көлөмү 1,062 м3, саны 56 даана ар түрдүү бак дарактар мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталып, мамлекеттик токой фондусуна 30,2 (отуз миң эки  жүз) сомдук зыян келтирилгендиги аныкталып КРнын Жоруктар Кодексине ылайык укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Зыян келтирилген 30,2 миң сомдон 11 миң 440 сому өндүрүлүп, республикалык бюджетке которулду. Ал эми 18  миң 760 сомдук доо укук коргоо органдарында каралууда.

Кыдырмаларды жазгы текшерүүдөн өткөрүүнүн жыйынтыгында, токой чарбаларда Техникалык кеңештер өткөрүлүп, токойго келтирилген зыянды өндүрүү боюнча тийиштүү кызматкерлерге эскертүүлөр берилген. Жазгы пландуу текшерүү убагында тийиштүү деңгээлде иш алып барбагандыктары үчүн, башкармалык боюнча 27 кызматкерге тартиптик чаралар көрүлгөн. Анын ичинен  26 токой сакчысына  эскертүү,  1 токой сакчысына  сөгүш  берилген.

- Токойдогу мыйзам бузуулар боюнча да токтолуп кетсеңиз?

- 2019-жылдын  1-июлуна  карата башкармалык боюнча жалпысынан  201,5 миң сомдук 18 протокол түзүлгөн. Анын ичинен: 83,7 миң сомдук доо мыйзамсыз өз алдынча суу өсүп турган ар кандай диаметрдеги 128 даана ар кандай породадагы дарактарды кыйгандыгы үчүн  4 протокол, 42,9 миң сомдук доо  мыйзамсыз токойдо мал баккандыгы үчүн 5 протокол, 74,9 миң сомдук  доо мыйзамсыз жер кыртышын бузгандыгы үчүн 9 протокол түзүлгөн.

Алардын  117,8 миң сомдук 14 протоколу каралып, 13 протоколдон 104,6 миң сом өндүрүлгөн, калган 96,9 миң сомдук доо 5 протоколдон өндүрүү жагы каралууда, анын ичинен 83,7миң сомдук 4 протокол укук коргоо органдарында каралууда.

- Токой зыянкечтерине жана илдеттерине каршы кандай ыкма  менен  дарылоо жүргүзүлүп жатат?

- Биологиялык ыкма менен дарылоо боюнча Токой коргоо жана сактоо Станциясынын, токой чарбалардын  кызматкерлери  ижарачылар менен биргеликте, биологиялык Вирин-ЭНШ препараты менен түгөйсүз жибек көпөлөгүнө каршы дарылоо иш-чаралары, план-тапшырмада көрсөтүлгөн 3580 га аянтта токой чарбаларда  толугу менен жүргүзүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын отчеттук кварталында пайдалуу энтомофаг Анастатус диспарис чыгарылып, көбөйтүлүп планда көрсөтүлгөн 610 га токой аянтына токой чарбаларга жеткирип,  таркатылып берилди. Пайдалуу энтомофаг Кооз дуулдак 2840 даана лабораториялык шартта көбөйтүлүп, түгөйсүз жибек курту менен жабыр таркан аянттарга жеткирилип, кое берилди. Мындан сырткары  аэрозолдук ыкма менен бүгүнкү күндө 940 га токой аянттары дарыланды.

Көчөт каналарды кол менен химиялык дарылоо боюнча, Ачы токой чарбасынын 0,34га көчөтканасы, Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын 1га көчөтканасы жана Тоскоол-Ата токой чарбасында 1га көчөтканасы жалпысы башкармалык боюнча 2,34га аянттагы көчөтканалар дарылоодон өткөрүлдү.

Авлетим токой чарбасынын берген билдирүүсү боюнча, Итагар токой бөлүмүндөгү 2016-2018-жылдары 0,4га эгилген сосна көчөттөрүнө түшкөн илдет шютте илдети экендиги аныкталып, илдетке каршы дарылоо иш-чарасы жүргүзүлдү.

Кара-Алма токой чарбасынын билдирүүсү боюнча, аталган токой чарбасынын карамагындагы Кара-Дарыя көчөт өстүрүү участкасында көчөттөргө патологиялык көзөмөлдөө жүргүзүлүп, 2018-жылы 0,15 га эгилген алма көчөттөрүнө зыян келтирип жаткан зыянкечтерге каршы дарылоо иш-чаралары жүргүзүлүп, зыянкечтер жок кылынган.

План-тапшырмадан сырткары түгөйсүз жибек куртуна караштуу Жалал-Абад шаарына караштуу мисте токой аянтында 214га, Кызыл-Туу айыл аймагында 150га токой аянты биологиялык жана аэрозолдук ыкмалар менен дарыланган. Кара-Алма токой чарбасынын Сузак токой бөлүмүндөгү мисте токойлорго зыян келтирип жаткан түгөйсүз жибек куртуна каршы 250га мисте токой аянтында биологиялык ыкмада дарылоо жүргүзүлгөн. Аэрозолдук ыкма менен дарылоого препарат сатып алуу үчүн сатып алуу порталына берилип, порталдан утуп алган жеке ишкер ар бир препараттан 1 литрден токой зыянкечтерине жана илдеттерине чачып байкоо жүргүзүп көрүү үчүн берген. Зыянкечтерге жана илдеттерге каршы байкоо жүргүзүү максатында чачылды, натыйжасында препараттардын кубаттуулугу жакшы экендиги аныкталды. Бирок бүгүнкү күнгө чейин препараттарды сатып алуу үчүн Мамагенттик тарабынан акча каражаты бөлүнбөй жаткандыгына байланыштуу, керектүү препараттарды алууга мүмкүнчүлүк болбой жатат.

- Токойдо жашаган канаттууларга кандай камкордук көрүлөт?

- Чыйырчыктарга уя жасоо боюнча токой чарбаларга 2019-жылга карата 135 даана болсо, ал толугу менен аткарылган.

Кумурскалардын уясын тосуу боюнча быйылкы жылга токой чарбаларга берилген план-тапшырмада көрсөтүлгөн 143 даана толугу менен аткарылды.

- Токой коргоо жана сактоо Станциясы кандай иштерди аткарат?

- Токой коргоо жана сактоо Станциясынын биологиялык лабораториясынан чыгарылуучу биологиялык Вирин-ЭНШ препаратынын штаммы 2019-жылдын март айынын башында Россия Федерациясынын Новосибирск шаарынан алынып келинди. Келген күндөн тартып жаңы Вирин-ЭНШ препаратынын штаммын көбөйтүү максатында Ноокен районунун Тоскоол-Ата токой чарбасынын Кара-Мисте токой бөлүмүнүн мисте токой аянтына, Базар-Коргон районунун Каба токой чарбасынын Каба токой бөлүмүнүн мисте, алча, долоно каптаган токой аянтына жана Сузак районунун Кара-Алма токой чарбасынын Жерге-Тал токой бөлүмүнүн жаңгак токой аянтына жана Сузак  токой бөлүмүнүн мисте  токой аянтына атайын дарылоо жүргүзүлдү. Себеби, ошол жаңы штамм менен чачылган препараттан өлгөн түгөйсүз жибек курттарды терип алып, кайра көбөйтүп кийинки жылы түгөйсүз жибек курту менен жабыр тарткан токой аянттарга чачуу үчүн атайын дарылоо жүргүзүлгөн. Ошол биологиялык Вирин-ЭНШ препаратынан өлгөн түгөйсүз жибек курттарды терип, кийинки жылга препарат жасоого даярдалып коюлду.

Россия Федерациясынын Новосибирск шаарынан 2019-жылдын май айында жана 2019-жылдын июнь айында биологиялык Вирин-ЭНШ препараты боюнча атайын окумуштуулар келип, Вирин-ЭНШ препараттын штаммын кандай кылып көбөйтүп жатканын, Вирин-ЭНШти көбөйтүп жаткан участкаларга барып жеринде көрүп, Вирин-ЭНШ препарттын кубатуулугун аныктоо үчүн, 100 грамм өлчөмүндө препарат алып кетишти. Биз өзүбүздүн лабораторияда  препараттын кубатуулугун аныктоо  боюнча иш жүргүзгөнүбүздө натыйжасы эң жакшы болду.

Токой экосистемаларын өнүктүрүү Департаментинин 08.04.2019-жыл №1-05/15 буйругунун негизинде Токой коргоо жана сактоо Станциясына 2019-жылдын 8-апрель күнү 4 (төрт) даана учкучсуз учуучу аппараттар (дрон) өткөрүлүп берилип, Станциянын балансына киргизилген.

Токой чарбалардагы жаңгактардын жалбырактары саргайып куурап жаткандыгы боюнча аныкталып, токой чарбалардан келген билдирүүлөргө жооп берилди.

Токой коргоо жана сактоо жумуштары боюнча түгөйсүз жибек көпөлөгүнө каршы биологиялык ыкма менен дарылоо жүргүзүп жаткан мезгилде ЖТР телеканалына тарттырып, маалымат каражаттарына берилген. Быйылкы жылы былтыркы жылга салыштырмалуу жаңгак-мөмө токойлордо түгөйсүз жибек курту көп зыян алып келген жок, себеби колдон келишинче күнү-түнү дебей дарылоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. 

2019-жылдын жарым жылдыгында  токой коргоо жана сактоо иш-чараларын аткарууга республикалык бюджеттен 631,4 (алты жүз отуз бир миң төрт жүз) сом каралган, анын ичинен 238,2 (эки жүз отуз сегиз миң эки жүз) сом бөлүнүп берилди. Жалпы суммасы 290,9 (эки жүз токсон миң тогуз жүз) сом сарпталган.

Биотехникалык иш-чаралар боюнча 230 даана булак тазаланды, 26 даана жапайы жаныбарларга  акурлар жасалды, 1250 даана шыпыргы, чөп даярдоо 3000кг, туз салгыч акурлар 44 даана даярдалды, 250 кг туз сатып алынып жапайы жаныбарларга берилди.

- Токойлордогу өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча кандай иштер аткарылды?

- Токойлордогу өрт коопсуудугун алдын алуу боюнча ар бир чарбада жергиликтүү администрациялар менен биргеликте  МОП пландары түзүлүп, тиешелүү органдар менен макулдашуулар жүргүзүлдү. Мындан сырткары ар бир чарбада өрт өчүрүүчү топтор түзүлүп, алар тиешелүү өрт өчүрүүчү шаймандар  (күрөк, кетмен, балта, чака, суу бүркүүчү аппараттар ж.б) менен камсыздалды.

Башкармалык тарабынан токой чарбалардын токойду коргоо жана сактоо инженерлерине өрт өчүрүү боюнча окуулар өткөрүлдү. Өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча 2-кварталга бекитилген план тапшырмалар аткарылууда. Отчеттук кварталда  50 км аралыкка өрткө каршы тилкелер жасалды, 296 км аралыктагы тилкелерге оңдоо иштери жүргүзүлдү, 58 км аралыкка жол салынды, 189 км аралыктагы жолдор оңдоодон өткөрүлдү. Ошондой эле,  21 даана көпүрө салынды, 38 даана көпүрөгө оңдоо иштери жүргүзүлдү, 77 даана аншлаг даярдалып тургузулду, 97 даана аншлагка оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында токойлордо өрт кырсыгы  катталган жок.

- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында кандай иш-чаралар жүргүзүлүп жатат?

- 2019-жылга бекитилген план тапшырмаларга ылайык,  «Парктар жүрүшү-2019» акциялары тиешелүү иш-чаралардын негизинде өткөрүлдү. Мындан сырткары ЖАЙЗЕТ долбоорунун алкагында башкармалык “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругунда студенттердин, мектеп окуучуларынын жана башкармалыктын, коруктун жана Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын  кызматкерлеринин катышуусунда “Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын байырлаган жерин сактайбыз” аттуу ураанда акция өткөрүлүп, басма сөз кызматтары жана телевидения аркылуу чагылдырылды.

Мамагенттиктин буйругуна ылайык,  ондатр жана суурлардын санына эсептөө жүргүзүлүп, санактын жыйынтыгында башкармалык боюнча жалпы суурлардын саны 18959 баш, анын ичинен  Мензбир сууру  – 12451 баш, ал эми кызыл суур   – 6508 баш болуп эсепке алынды.

Ондатрларга жүргүзүлгөн  жазгы санактын  жыйынтыгында башкармалыктын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында ондатрлар жок болуп чыкты.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында туризмден 370 миң 300  сом акча каражаты түшкөн. Анын ичинен: Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругуна – 33500 сом, Сары-Челек мамлекеттик жаратылыш коругуна – 336800 сом.

- Бактыбек Зулумбекович, кызыктуу маегиңиз үчун чоң рахмат!

Маектешкен: Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38