KELECHEK

Кыргызстан боюнча жалпы 5 миңден ашык жер көчкү катталган (ФОТО)

Кыргызстан боюнча жалпы 5 миңден ашык жер көчкү катталган (ФОТО)

Акыркы мезгилдерде  дүйнө жүзүндө болуп жаткан климаттын өзгөрүүсү ар кандай табигый кырсыктардын көбөйүшүнө алып келүү менен экологияга өзүнүн терс таасирин тийгизип жатканына баарыбыз күбө болуп жатабыз. Кыргызстанда жер көчкүлөр көбөйүп, селдин кесепети көптөгөн зыяндарды алып келүүдө.

Адистердин маалыматына караганда, Борбордук Азияда көчкүлөр адатта катуу, нөшөрлөп жааган жамгырлардан жана жер кыртышынын бузулуп, сапатынын начарлашынан жана анын эрозияга чалдыгуусунан улам келип чыгууда. Көчкү олуттуу аймакты ээлөө менен 5-20 метр калыңдыктагы тектердин негизги массадан ажырап эңкейишти көздөй жылмышуусунан улам пайда болууда.

Көчкү массасы – бул тегиз болбогон тилкелерден турган көчкү массасы. Көчкү тектирлери – көчүп түшүүчү массада пайда болгон тектирчелер, ажырап көчүп түшүүчү массанын үстүңкү катмары. Ал эми көчкүлөр – жарылып, аң болуп калган жерлер – тоолуу райондордо кездешүүчү кубулуш.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин экзогендик процесстерди изилдөө бөлүмүнүн башчысы Тойчубек Изабековдун берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча жалпы 5 миңден ашык жер көчкү катталган.

- Бүгүнкү күндө өлкө аймагында калктуу конуштарга кооптуу жагдай жараткан 2,5 миңге жакын жер көчкү бар. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда 541 жер көчкү катталган. Калктуу конуштарга коркунуч келтирген жерлерде 1490 үй-бүлө жашайт. Азыркы учурда жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациялар, айыл өкмөттөр тарабынан калкты коопсуз жерлерге көчүрүү боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө 688 үй-бүлө коопсуз жерлерге көчүрүлүп чыгарылды. Ал эми 1118 үй-бүлө дале жер көчкүсү кооптуу болгон жерлерде жашап келүүдө. Негизинен эң көбү Сузак районунда – 101, Базар-Коргондо – 32, Аксы районунда – 56, Майлуу-Суу шаарында – 24 үй-бүлө кооптуу жерлерде көчпөй дале жашап келишүүдө. Облус аймагында көчкү коркунучунда турган калктуу конуш обьектилеринин жалпы саны – 275 болсо, анын 132си калктуу конуштар, 143ү обьектер. Документтери такталып, өкмөттүн кароосуна жиберилген. Жерди трансформациялоо маселеси Өкмөттүн кароосунда мыйзам чегинде чечилип келсе, айыл өкмөттөр тарабынан элге жер тилкелери бөлүнүп берилип, ошондо кооптуу жерде жашагандар толугу менен көчүрп чыгарылат.

Акыркы учурларда өлкө аймагында жаңы көчкүлөр пайда болгон жок. Ошол көчкүлөрдөн майда жаракалар пайда болгон жерлер бар. Көбүнчө 1970-80-94-жылдары пайда болгон жер көчкүлөр. Кайра жаңыланып, жаракалары чоңоюп, ошол көчкүлөр жылып жатат. Жер титирөөлөрдүн таасири менен, жаан-чачындан улам жер көчкүлөр активдешип турат. Биз жер көчкүлөрдү изилдегенде, айрым жердин үстүңкү катмарында жайгашкан жер көчкүлөр болот, бул көчкүлөрдүн көлөмдөрү аз. Кээ бирлерин механикалык түшүрүү жоул менен ошол көчкүлөрдү көчүрүү боюнча сунуштарыбызды берип жүрөбүз.  түшүрөбүз. Бак-дарактарды тигүү жолу менен токтотсо боло турган жер көчкүлөр боюнча биз сунуштарды берип жүрөбүз. “Жашыл долбоор” деген долбоордун алкагында көчкүлөрдү токтотуу үчүн ал жерлерге бак-дарактар отургузулат. Тереңдиги 15-25 метр болгон кооптуулукту жарткан эң чоң жер көчкү болгон жерлер бар. Бул жер көчкүлөрдү бак-дарактарды эгүү менен токтотууга болбойт. Ал жерде жашагандарды коопсуз жерлерге көчүрүү менен гана чектелип келебиз.

- Тойчубек Изабекович, жер көчкүлөрдүн экологияга тийгзген терс таасири кандай?

- Жер көчкүнүн келип чыгышынын негизги себептери - бул нөшөрлөп жааган жамгырлардын тоо беттерин жууп кетиши, жамгырлардан, кардын, мөнгүлөрдүн ээришинен улам, суунун зарыгып, тоо тектерине сиңип олтуруп анын массасынын оордошу болуп саналат. Ошондой эле, жер кыртышынын эрозиясы жана жер иштетүүдөн улам жайлардын пайда болушу, жер титирөөлөр, кардын оор түшүп мөнгүлөрдүн капташынан тоонун негизги массасына оордук келтириши, тоо тектеринин ажырымы, адам баласынын жардыруу иштерин жүргүзүп, жер айдап, дарактарды кыркып, оор имараттарды куруп, суу чыгаруу үчүн жер кыртышын оюп казуусу, оор транспорттук каражаттардын жылышы менен кыртыштын тең салмактуулугунун бузулушу жер көчкүнүн келип чыгышына себеп болот.

Жер көчкү болгон жерде биринчиден, бак-дарактардын бардыгынын куурашына алып келет. Көп жылга чейин жер көчкү жылып турат, ошол себептен ал жерде бак-дарактар өспөйт, жер кыртышы эрозияга учурап, экологиялык көйгөйлөр пайда болот. Малдын көбөйүшүнөн, жайыттарды которуштуруп пайдаланбай, адырлардагы чөптөр жок болуп,  өспөй,  какырап калуусу жер көчкүнүн келип чыгышына түрткү болууда. Эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүргөндө элдер айтышат, мурда  ал жерде бак-дарактарды эл отун-сууга кыйышып, чөптөр малдын тепселенүүсүнө дуушар болуп, чөлгө айланган. Мурдагы жер көчкүлөр адамдардын табиятка кылган мамилесинин натыйжасы. Быйылкы жыл кургакчыл болгондуктан, жер көчкү катталган жок.

ЖЕР КӨЧКҮНҮН ЖҮРҮШҮНҮН АЛГАЧКЫ БЕЛГИЛЕРИ

Адистердин маалыматына караганда, көчүп түшкөн кыртыштын көлөмү ондогон, жүздөгөн миң куб метрге, ал эми айрым учурларда андан да көп салмакка жетиши мүмкүн. Көчкүнүн жылмышуу тездиги жылына бир нече метрлерди түзгөн учурлар кездешет. Айрыкча жер титирөөдө көчкүнүн жылышы тездейт. Кыртыштын массасынын жылышы турак-жай, өндүрүштүк имараттарды инженердик жана жол курулуштарын, магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн, электр берүү линияларынын бузулушуна же кыртыш астында калышына, ошондой эле адамдардын жабыр тартып, мерт болушуна алып келет. Өзөндөрдү жана капчыгайларды каптап калган көчкүлөр табигый тосмолордон болуп, аларга жааган жамгырдын суусу топтолуп отуруп акыры жарылуу менен селдин жүрүшүн шарттайт.

Көчкүнүн жүрүшүнүн алгачкы белгилери – бул имараттарда, жолдордо жээк бойлото кырдалган тосмолордо жараканын пайда болушу,  жердин көөп чыгышы, ар кандай бийик конструкциялардын пайдубалынын жылышы, жер астындагы суулардын зарыгып чыгышы, ызы-чуунун күчөшү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрнесть Дыйканбаевдин берген маалыматына караганда, жер көчкү - бул өзгөчө кырдаалдардын өтө кооптуу түрүнө кирет. Өзгөчө кырдаалдардын табигый түрлөрүнүн бири.

- Албетте, жер көчкү менен күрөшүү мумкүн эмес. Ошондой болсо да, көчкү жүрүүчү жерлердин этегине тосмолорду куруп, башка техникалык чараларды көрүү менен анын каардуу кесепетинин мизин кайтарууга болот. Мындай убактылуу чаралар адамдардын мүлкүн жана өмүрүн көпчүлүк учурда сактап кала албайт. Ошондуктан, жашоо-шартты жакшы ойлонуштуруп бөөдө кырсыктын кесепеттеринен сактануу максатында башка коопсуз жайларга көчүп кетүүдөн башка арга жок, - дейт Э. Дыйканбаев.

ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы М.Токтосуновдун маалыматына караганда, жер көчкү кооптуулугу бар участоктордо жер кыртышынын жылышуу процессин токтотуу максатында Жалал-Абад облусунун аймагында “Жашыл долбоорду” ишке ашыруу үчүн 4 кооптуу обьектинин 10 га жер аянтына бак-дарактарды отургузуп, жашылдандыруу иш-чарасы мерчемделген. Жалпы 2688 түп көчөт отургузуу, 140 кг жжарайы бадам уругун эгүү пландаштырылган. Сузак, Базар-Коргон жана Токтогул райондорунун тиешелүү айыл аймактарын көчөт менен камсыз болушкан.

Жалпысы үч тараптуу келишимдин негизинде 2019-жылы жер көчкү күтүлүүчү кооптуу аймактарга 70 кг бадам уругу, 2950 түп көчөт (жаңгак 1740 д, кара-тал 80 д, алча 180 д, бадам көчөтү 700 д, карагай 250 д, бадам уругу 70 кг) отургузулду. Натыйжада 356 турак жай, 2 чакырым унаа жол корголот. Мындан сырткары эгилген көчөттөрдүн айланасын тосуу үчүн КР ӨКМ тарабынан 328 миң сомакча каралып, 2118 метр угольник, 24 миң 248 метр темир тикен зым материалдары жеткирилген.

ӨКМ ЭСКЕРТЕТ!!!

ТҮПТӨЛГӨН КОРКУНУЧ ТУУРАЛУУ АЛДЫН АЛА ИЛИКТЕП БИЛҮҮ МЕНЕН МЫНДАЙ ТОБОКЕЛДИКТҮҮ ЖЕРЛЕРГЕ ҮЙ САЛБОО КЕРЕКТИГИН УНУТПАГЫЛА!

 КӨЧКҮНҮН АЛДЫН АЛУУЧУ ЧАРАЛАР:

- Көчкү жүрүүчү жерлерди иликтеп көргүлө;

- Көчкүнүн жүрүшү белгилери (имараттардын эшиктери жана терезелери жакшы жабылбай, кооптуу тоо беттеринен суунун зарыгып чыгышы) пайда болгондо, ал тууралуу өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу кызматына маалымдоо зарыл.

КӨЧКҮНҮН ЖҮРҮШҮ УЧУРУНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК:

- Көчкү жүрүшү ыктымалдыгы келип чыкканда электр приборлорун, газ жана суу түтүктөрүн өчүрүп, дароо көчүп кетүүгө даярдангыла;

- Көчкүнүн ылдамдыгына жараша, акыл ченеп иш алып баргыла, көчкү жай жылмышса (айына бир метрден жылып отурса) зарыл буюмдарыңарды ташып кетүүгө үлгүргүлө;

- Көчкүнүн жылмышуусу бир күндө 0,5-1 метрди түзсө, анда дароо коопсуз жайга көчүп кетүү зарыл;

- Документтерди, баалуулуктарды, жагдайга жараша жылуу кийим-кечени, тамак-аш азыктарын кошо алып кетүүнү унутпагыла.

КӨЧКҮДӨН КИЙИНКИ АРАКЕТТЕР:

Көчкүдөн эптеп аман калган имараттарды текшерип көрүү үчүн адистерге кайрылгыла. Мында алгач имараттын дубалдарынын, электр, газ жана суу түтүктөрүнүн бүтүндүгүн текшерүү зарыл. Көчкү алдында калган адамдарды сыртка алып чыгууда сактоочуларга жардам бергиле.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облустук юстиция Башкармалыгынын кызматкерлери 26-июнь күнү жарандарга бекер...

АНАЛИТИКА 2019-06-24  19:11

Жалал-Абадда “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” акциясы өттү (ФОТО)

Жалал-Абадда “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” акциясы өттү (ФОТО)

Жыл сайын 14-июнь – Эл аралык Донорлор күнүнө карата Улуттук Кызыл Ай коому ар түрдүү ураан менен ар...

АНАЛИТИКА 2019-06-18  11:31

Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келген (ФОТО)

Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келген (ФОТО)

Акыркы мезгилдердеги глобалдык экологиялык проблемаларга байланыштуу, Дүйнө жүзүндө 240-250 миллион...

АНАЛИТИКА 2019-06-10  21:03

Ден соолук - бардыгы үчүн! (ФОТО)

Ден соолук - бардыгы үчүн! (ФОТО)

Жыл сайын 7-апрелде – Бүткүл Дүйнөлүк ден соолук...

АНАЛИТИКА 2019-04-08  04:05

Окуучулардын “Алтын сертификат” алуусуна түрткү берген Гүлжан...

Окуучулардын “Алтын сертификат” алуусуна түрткү берген Гүлжан...

Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Михаил Бабкин атындагы №1...

АНАЛИТИКА 2019-03-30  20:23

Мугалим – мөмөлүү дарак! (ФОТО)

Мугалим – мөмөлүү дарак! (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы алдыңкы мектептердин сап башында турган,  бир кылымга тете тарыхы бар...

АНАЛИТИКА 2019-03-29  18:23

Таланттарды таптаган, сынактардан калбаган «Ариет» балдар...

Таланттарды таптаган, сынактардан калбаган «Ариет» балдар...

Жакында Казакстандын борбору Нур-Султан (Астана) шаарында  өткөн “Астана жылдыздары – 2019"-...

АНАЛИТИКА 2019-03-27  16:22