KELECHEK
rek

Өкмөт: «Сары-Чат - Ээр-Таш» коругунун аймагында чалгындоо жүрбөйт

Өкмөт: «Сары-Чат - Ээр-Таш» коругунун аймагында чалгындоо жүрбөйт

 «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун аймагында чалгындоо жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгул уулу билдирди.

Ал «мамлекеттик корукка кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казыш үчүн кайрадан кайтарылып берилди» деген маалымат туура эмес экенин айтты:

- Коруктун аймагында чалгындоо жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт. Сөз болуп жаткан 16 миң гектар жер «Сары-Чат - Ээр-Таш» коругуна кирбейт. 2013-жылдан бери коруктун чек арасы өзгөртүлгөн эмес. Кыргыз өкмөтү үчүн мамелкеттин кызыкчылыгы жогору турат. Жакында күчүнө кирген стратегиялык макулдашууда жер маселеси тууралуу бир да сөз болгон эмес. Ал каралган да эмес.

Эсенгул уулу берген маалыматка караганда, 1994-жылы 10 миң, 1997-жылы 26,6 миң гектар жер «Кумтөргө» берилген. 2005-жылы түзөтүү киргизилип, жердин аянты 26,3 миң гектарды түзгөн. 2009-жылкы толуктоолордон соң берилген жер 26,4 миң гектар деп толукталган.

Кумтөр алтын кенин иштеткен «Центерра Голд Инк» компаниясы менен мындан эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишимди күчүнө киргизүүнүн алкагында «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругундагы 16 миң гектар жер аянты кен казууга кайра кайтарылып берилгени белгилүү болгон.

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндө, келишимге ылайык өкмөт мындан он жыл мурунку милдеттенмесин аткарганын айткан:

- 2009-жылы концессиялык келишим бекитилип жаткан учурда «Кумтөргө» кошумча кен казууга 26 миң гектар жер аянты берилген. Бирок 2012-жылы өкмөт бул токтомун жокко чыгарып, кошумча берилген жердин аянты 10 миң гектар эле болуп калган болчу. Анан биз ошол 2009-жылдагы келишимдин шарттарын аткарыш үчүн 16 миң гектар жерди кайра кайтарып бердик. Анткени 2009-жылдагы келишимдин негизинде 26 миң гектар жер аянты кошумча кен казууга берилип, анын эсебинен биздин акциялар көбөйгөн. Ага чейин биздин «Центеррадагы» акциябыз 15% болсо, кийин 33% пайызга чыккан.

2009-жылы 6-июнда ошол кездеги өкмөттүн токтому менен «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругунун түштүк-батыш аймагындагы Кумтөргө жакын жер аянты «Кумтөр голд» компаниясынын карамагына өткөн. 2010-жылы 14-июнда «Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругундагы Кара-Сай, Коёнду жана Үч-Көл тилкелеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. 2012-жылы бул маселе өкмөттө каралып, «Өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамда мамлекеттик корукта геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынары көрсөтүлгөн.

Эколог Динара Кутманованын айтымында, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик 2009-жылы бул мамлекеттик коруктун чек арасын өзгөртүп, Кумтөргө жакын турган жер тилкелери коруктун аймагына кирбей турган кылып, коруктун аянтын кичирейтип, картасын чийген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38