KELECHEK
rek

Сенаторлор Трампты тез арада Украинага каржылык жардам берүүгө чакырышты

Сенаторлор Трампты тез арада Украинага каржылык жардам берүүгө чакырышты

Украин аскерлери америкалык Javelin ракетасын колдонуу менен машыгуу өткөрүүдө

АКШда республикачылар менен демократтардан турган сенаторлор тобу президент Дональд Трампка кат жолдоп, аны тез арада каржылык жардам катары Украинага 250 миллион доллар бөлүп берүүгө чакырышты.

Буга чейин Конгресс «Украинадагы коопсуздукка көмөктөшүү демилгеси» деп аталган каржылык пакетти жактырганы менен Трамптын администрациясы Киевге акча бере элек. Айрым ЖМКлардын маалыматына караганда, Ак үй алгач бөлүнө турган акча АКШнын кызыкчылыктарына ылайык жумшаларына ынангысы келип жатат.

Сенаторлор өз катында президенттик администрацияны Украинанын куралдуу күчтөрү үчүн «өтө маанилүү» болгон каржы жардамын тезирээк бөлүп берүүгө чакырышкан. Алар 2014-жылы Крым жарым аралы аннексиялангандан кийин Вашингтондун Киевге берген жардамы украин аскерлеринин Орусия агрессиясынан коргонуудагы жөндөмдөрүн арттырууга мүмкүндүк бергенин белгилешти.

Айрым америкалык мыйзам чыгаруучулар Конгрессти украин-орус тирешинде Украинанын кызыкчылыктарын туруктуу коргоо боюнча жоопкерчилик алууга чакырышууда.

Буга чейин Politico басылмасы Украинага акчалай жардам берүү президент Трамптын демилгеси менен токтоп турганын билдирген. Анда Трамп өз командасына бул тармакта Украинага көмөктөшүү программасын кайрадан карап чыгуу тапшырмасын бергени кабарланган.

250 миллион доллар Украинанын коопсуздугун коргоого багытталган. Конгресс бул каражаттын 50 миллионун курал-жарак сатып алууга берген. Былтыр АКШ Украинага жардам катары танкага каршы Javelin ракеталарын жеткирген.

1-сентябрда Варшавада Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолуккан АКШнын вице-президенти Майк Пенс Вашингтон орус-украин чатагында Киевди колдоосун улантарын жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоо боюнча аракеттерине көмөктөшө турганын айткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...