KELECHEK
rek

Казакстандын беш шаарында «кытай экспансиясына каршы» акциялар өттү

Казакстандын беш шаарында «кытай экспансиясына каршы» акциялар өттү

Казакстандын Жаңыөзөн шаарынын тургундары бир нече күндөн бери өлкөдө 55 кытай заводунун курулушуна жана президент Касым-Жомарт Токаевдин Пекинге пландалган сапарына каршы нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат.

Учурда Жаңыөзөн тургундарынын бул талаптарын колдогон нааразылык акциялар Казакстандын бир нече шаарларында өтүп жатат.

3-сентябрда 30га жакын адам «Кытай экспансиясына жол жок» жана «Биз жаңыөзөндүктөрдү колдойбуз» деген ураандар менен Нур-Султандагы өкмөт имаратынын алдына чыгышкан. Анда чогулгандар менен акимчиликтин Коомдук өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Талгат Рахманберди жолугуп, Кытай Казакстанда заводдорду курбай турганын билдирген.

4-сентябрда Алматыда ондогон адам жаңыөзөндүктөргө тилектештик билдирип акция өткөрүштү. Ошол эле күнү Караганды шаарынын борборуна ондон ашык киши нааразылык билдирип чыкты. «Чоңдугу боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган кен кытайлыктарга берилди. Мындай инвестициялардан Казакстан, анын ичинде Караганды облусу кандай пайда көрөт? Эмнеге казакстандыктар анда иштей алышпайт? Биз арабдардан кем эмес жашашыбыз керек. Кен байлыктарда биздин дагы үлүшүбүз бар», — деп билдирди Алия Садырбаева аттуу жергиликтүү тургун.

4-сентябрда Чымкент шаарынын мэриясына жаңыөзөндүктөрдү колдогон 30дай киши топтолуп, «Кытай экспансиясына каршылык» билдиришти. Чымкент шаарынан жана Түркстан облусунан келген жарандар өлкө бийлигин сындап, андан кытай долбоорлорунан баш тартууну талап кылышты.

Соңку күндөрү Казакстанда Кытайга каршы маанай күчөдү. Буга Шиңжаңдагы казактардын абалы тууралуу маалыматтар дагы түрткү болууда.

Кытай — Казакстан үчүн төртүнчү ири инвестор жана үчүнчү ири насыя берүүчү болуп эсептелет. Быйыл бул өлкө Казакстанга 2 миллиард 62 миллион юань өлчөмүндө насыя берди. Нур-Султандын Кытайдын алдындагы жалпы карызы 12 миллиард доллардан ашык.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13