KELECHEK
rek

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча коомдук уюмдардын жетекчилери менен кезектеги жолугушуу өткөрүлдү

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча коомдук уюмдардын жетекчилери менен кезектеги жолугушуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 10-сентябрда, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында ишмердигин жүргүзүшкөн өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын жетекчилери менен кезектеги жумушчу жолугушуусун өткөрдү.

Жолугушууда КР Коопсуздук кеңешинин сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чечимин өлкөнүн мамлекеттик органдарында ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралары талкууланды.

Дамир Сагынбаев бул маселелер Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун такай көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу максатында декларациялоо чөйрөсүндө мыйзам чыгарууну жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн, ал «Кирешелерди декларациялоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыкты.

Атап айтканда, иштелип чыккан мыйзам долбоору декларациялары текшерилүүгө тийиш болгондор үчүн «жакын туугандар» түшүнүгүн киргизет жана 2ден 7ге чейин БСДны толугу менен текшерүү үчүн негиздердин тизмесин кеңейтет.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар 2018-жылы салык органдарына электрондук түрдө 64383 декларацияларды тапшырышты. Азыркы учурда түшкөн декларацияларды анализдөө жүрүп жатат, өз убагында декларация тапшырбаган же БСДда туура эмес маалымат бергендер аныкталууда.

Ошондой эле сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы аракеттенүү максатында бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кызматка кирип, аны өтөөгө бирдей шарттарды караган «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» КР Мыйзамы кабыл алынган.

Аталган Мыйзам укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн чектөөлөрдү камтыйт, анын ичинде чет мамлекеттерде эсептерди ачуу, накталай акча менен операцияларды жүргүзүү ж. б.

Мындан тышкары КР Мамлекеттик кадр кызматы судья болбогон сот органдарынын кызматкерлери үчүн бирдиктүү чектөөлөрдү жана тыюу салууларды караган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

«Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» КР мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнүндө» мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр жана аналогиялык толуктоолор киргизилди. Белгилей кетсек, аталган чаралар жогоруда белгиленген мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээлин азайтууга таасир этет.

«Коррупцияны алдын алуунун дагы бир механизми болуп өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан мамлекеттик органдарын ишин баалоо жана мониторинг жүргүзүү болуп саналат. Өкмөттүк эмес уюмдардын альтернативдүү отчеттору жана Мамлекет башчысынын атына кайрылуу түрүндөгү билдирүүлөрү менен маалыматтары бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү жашыруун коррупциялык коркунучтарды ачууга мүмкүнчүлүк берет», — деп баса белгиледи Дамир Сагынбаев.

Өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын натыйжалуу ишке ашыруудагы тоскоол болгон көйгөйлөр боюнча пикирлерин билдиришти. Айрым мамлекеттик органдардагы коррупциянын абалын көрсөткөн мисалдарды жана коррупциялык көрүнүштөрдүн фактылары тууралуу материалдарды көрсөтүштү. Мыйзамдардагы бир катар көйгөйлөрдү, ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүдө, укуктук коллизиялар, бизнес коомчулугу ишмердүүлүк жүргүзүүдө туш болгон көйгөйлөр айтылды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13