KELECHEK
rek

Жалал-Абад: Төрөт үйүндөгү коррупцияга жол берилбейт (ФОТО)

Жалал-Абад: Төрөт үйүндөгү  коррупцияга  жол берилбейт (ФОТО)

Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн атайын комиссиялык топ облустук  клиникалык оорукананын төрөт бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн карады. 

Анда шаар калкынын саламаттыгын сактоо,  кош бойлуу энелерге жана ымыркайларга  төрөт мезгилинде түзүлгөн шарттар менен жеринде таанышышты. Ага калаанын вице-мэри Руслан Алтымышев жана тийиштүү тармактардын адистери катышты.  Комиссиялык курам акыркы мезгилдерде жашоочулар арасында нааразычылыктар көбөйүп,  дарыгерлердин кош бойлуу энелерге көрсөтүүчү медициналык   кызматтары толугу менен акысыз экенине карабай, аталган жайларда бир канча коррупциялык элементтер күч  алып жаткандыгы айтылды.

Мындан тышкары шаар аймагында ата-энесинин же баланын өздүгүн тастыктаган документтери жок учурлар катталып, мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү социалдык жеңилдиктерди алууда көйгөйлөр жаралып жатканын кошумчалашты. Атайын топ бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүүдөгү аракеттерди биргеликте күчөтүү керектигин айтышты.

Эске салсак, облустук клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмү 1997-жылы курулган. Анда жылына 7 миңге жакын  төрөт катталат. Имараттын ичи оңдоп-түзөөдөн өткөнү менен  орундардын  жана медициналык жабдыктардын жетишсиздиги көйгөй бойдон калууда.

Текшерүүнүн соңунда жергиликтүү бийлик жаралган жагдайларды чечүүдө, шаардык төрөт үйүн куруу жана перинаталдык борбор учуу боюнча тийиштүү  тараптарга кайрылуулар жолдоорун  белгилешти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38