KELECHEK

Өкмөт: Кеңештеги окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт

Өкмөт: Кеңештеги окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт

Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектепте окуп жаткан окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, окуусун ошол жактан улантат. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, учурда алар көчүрүлө турган имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн акча каралды.

Азыр ал жерде оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документациясы даяр турат. Өкмөттүн маалыматына караганда, Кеңеш айылындагы мектептин эки окуу корпусу бар, анын бирөө авариялык абалда, ал эми экинчисинде балдар окуп жатат.

Азыркы тапта Нарын облусу боюнча жалпы 18 объектинин курулуш иши жүрүүдө. Анын ичинде Ат-Башы районунда эки бала бакча, Ак-Талаа районунда – эки мектеп жана бир кошумча курулуш, Жумгал районунда үч мектеп жана бир кошумча курулуш, Кочкор районунда – төрт мектеп, эки кошумча корпус, эки спорт зал, Нарын районунда спорт залдын курулушу жүрүүдө.

Кеңеш айылында окуучулардын бир бөлүгү салмагы 20 тонналык беш контейнерде билим алып жатышат. «Мобилдүү мектептерде» окуу ыңгайсыз болуп жатканы айтылып, бул коомчулуктун катуу сынына кабылган. Ушул окуядан кийин билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызына ылайык кызматынан бошотулган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Акыйкатчы: контейнерлер мектеп имаратын алмаштыра албайт

Акыйкатчы: контейнерлер мектеп имаратын алмаштыра албайт

Институттун сайтына жарыяланган маалыматка караганда, мекеменин кызматкерлери айылдагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-09-07  13:12

Жалал-Абад:  Биринчи класска 2 миң 300 окуучу кабыл алынды (ФОТО)

Жалал-Абад: Биринчи класска 2 миң 300 окуучу кабыл алынды (ФОТО)

Бүгүн, 2-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы мектептерде коңгуроо кагылып, жаңы 2019-2020-окуу жылы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-09-02  17:57

Тажикстандагы лөлү балдары мектепке бара баштады

Тажикстандагы лөлү балдары мектепке бара баштады

Тажикстандын балдар акыйкатчысы жакынкы жылдары...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-08-23  05:01

Өзбекстанда 80 жаштагы пенсионер жогорку окуу жайына документ тапшырды

Өзбекстанда 80 жаштагы пенсионер жогорку окуу жайына документ тапшырды

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда 80 жаштагы Тухтамиш Султонов жогорку окуу жайына...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-07-16  14:50

Өзбекстанда жогорку окуу жайларга документ тапшыруу үзгүлтүккө...

Өзбекстанда жогорку окуу жайларга документ тапшыруу үзгүлтүккө...

8-июлда Өзбекстанда жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) документ тапшыруу учурунда олуттуу...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-07-11  15:11

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчалардын эсебинен мектептерди...

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчалардын эсебинен мектептерди...

2019-жылы Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектептин имараттарына кошумча корпустарды...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-07-09  19:33

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө алтын...

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө алтын...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 8-июлда, 2019-жылы орто мектептин...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-07-08  14:09