KELECHEK

Мамлекеттик ипотекалык компаниясы 5 млрд сомго жакын суммага 4 миңден ашуун ипотекалык насыяларды берди

Мамлекеттик ипотекалык компаниясы 5 млрд сомго жакын суммага 4 миңден ашуун ипотекалык насыяларды берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 12-сентябрда, «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» (МИК) ААК башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарованы кабыл алды.

Жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты жана мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоо системасын жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды.

Президент МИК астында өлкө жарандарынын төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен ипотекалык насыялоонун жеткиликтүүлүгүн арттыруу боюнча милдет турганын эске салды.

Мындан тышкары, пайыздык ченди төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Элмира Абжапарова бүгүнкү күндө МИК бюджеттик финансылык көз карандысыздыктан акырындык менен чыгуу үчүн донорлук каражаттарды тартуу активдүү колго алынып жатканын маалымдады.

Ал бул багытта эл аралык каржы институттары менен активдүү иштер жүргүзүлүп, жакынкы убакта «KFW» немец банкынын гранттык каражаттары иштетиле баштаарын кошумчалады.

Пайыздык ченди төмөндөтүү маселеси боюнча МИК башчысы компания жакынкы убакта ипотекалык насыяны 6 пайыз менен берүү пландаштырылып жатканын маалымдады.

Ошондой эле берилген насыялардын пайыздык ченин 7 пайызга чейин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Бүгүнкү күндө МИК 5 млрд сомго жакын суммага 4 миңден ашуун ипотекалык насыяларды берди.

Ипотекалык насыяларды алууда убактылуу чыгымдарды төмөндөтүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу болушу үчүн компания «Түндүк» ведомство аралык электрондук аракеттенишүү системасына интеграцияланган заявка берүүнүн электрондук системасы киргизилип жатат.

Элмира Абжапарова ипотекалык облигацияларды сатуу жана жайгаштыруудан түшкөн акчалардын эсебинен бюджеттик тармактан гана эмес, жарандардын кеңири категориясы үчүн «Арзан турак жай» жаңы программасы киргизилгенин кошумчалады. Алар үчүн пайыздык чен жылына 14 пайыз сом менен 15 жылга 20 пайыздык баштапкы салымын түзөт.

Мындан тышкары ал белгилегендей, банктык эмес адистештирилген финансы-насыялык уюмду түзүүнүн жолу менен контракттык турак жай сактоо жаңы системасын киргизүү боюнча активдүү жумуштар жүргүзүлүп жатат.

Бул системанын өзгөчөлүгү баштапкы салымды түзүү үчүн жарандардын, анын ичинде чет мамлекеттерде эмгектенгендердин каражаттарын акырындап пайдалануу болуп саналат.

Чогултуу мөөнөтү аяктагандан кийин системанын катышуучулары рыноктогу чендерге салыштырмалуу жеңилдетилген пайыздык чендер менен улуттук валютада 15 жылга чейин ипотекалык насыяны ала алышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкек мэриясы 350 автобус сатып алуу үчүн насыя алышы мүмкүн

Бишкек мэриясы 350 автобус сатып алуу үчүн насыя алышы мүмкүн

Азия өнүктүрүү банкы жыл аягына чейин Бишкек мэриясына 50 миллион доллар насыя бериши мүмкүн. Бул...

ЭКОНОМИКА 2020-02-19  16:50

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Бизнес-акыйкатчысы Робин...

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Бизнес-акыйкатчысы Робин...

Кыргыз Респубикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-февралда Кыргыз Республикасынын...

ЭКОНОМИКА 2020-02-18  23:17

Евробиримдик Кыргызстандын социалдык коргоо тармагына 5,7 миллион...

Евробиримдик Кыргызстандын социалдык коргоо тармагына 5,7 миллион...

Европа биримдиги (ЕБ) Кыргызстандын социалдык коргоо тармагын колдоо үчүн 5 миллион 750 миң евро грант...

ЭКОНОМИКА 2020-02-17  18:46

Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары токтоду

Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары токтоду

Кыргыз-кытай чек арасы. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары токтоду....

ЭКОНОМИКА 2020-01-27  18:35

Кыргызстан Кытайдан эт ташып кирүүгө убактылуу чектөө койду

Кыргызстан Кытайдан эт ташып кирүүгө убактылуу чектөө койду

Кыргызстан Кытайдан эт жана эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу...

ЭКОНОМИКА 2020-01-24  21:05

Кумтөр кенинде ишти улантууга уруксат берилди

Кумтөр кенинде ишти улантууга уруксат берилди

«Кумтөр Голд» компаниясы тоо-өндүрүш иштерин улантууга уруксат алды. Бул тууралуу...

ЭКОНОМИКА 2020-01-23  22:41

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансылык рынок боюнча мыйзамдарды...

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансылык рынок боюнча мыйзамдарды...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 6-ноябрында Москва шаарында кол...

ЭКОНОМИКА 2020-01-18  14:48