KELECHEK

Казакстанда поезд менен автобус кагылышып, бир киши мерт болду

Казакстанда поезд менен автобус кагылышып, бир киши мерт болду

15-сентябрда болжол менен кечки саат жетиде Алматы облусунун Шамалган станциясында автобус менен поезд сүзүшкөн. Анын кесепетинен автобустун айдоочусу мерт болду.

Алматы облустук полиция департаменти дагы үч киши: бир аял жана эки бала ар түрдүү жаракат менен ооруканага жеткирилгенин маалымдады.

Автобуста 67 жүргүнчү болгон.

Полиция «Жол кыймылын же транспорттук каражатты колдонуу эрежесин бузуу» боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин баштады.

Казакстан Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги : «Автобустун айдоочусу сигналга карабай, темир жолго чыгып кеткен. Натыйжада поезд автобусту сүзгөн», – деп маалымдады.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасы аркылуу каза болгон айдоочунун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Окуя болгон жерге «тез жардам» унаалары, полиция жана бийлик өкүлдөрү келди. Жакын арадагы ооруканалар күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү.

Ушул эле күнү 22:30 чамасында Шамалган станциясында ондогон кишилер поезд жолун жаап, бийликтен көпүрө салууну талап кылышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстанда Куран китебин кыргызстандыкка сатууга аракет кылган киши...

Өзбекстанда Куран китебин кыргызстандыкка сатууга аракет кылган киши...

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын...

Наманганда жаңы аттракционду сыноо маалында 18 жаштагы кыз каза болду

Наманганда жаңы аттракционду сыноо маалында 18 жаштагы кыз каза болду

Өзбекстандын Наманган шаарындагы «Легендалар...

Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин иш бөлмөсүндөгү...

Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин иш бөлмөсүндөгү...

Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдиновдун  иш бөлмөсүнөн буюмдарын...