KELECHEK

Ак үй Усама бен Ладендин уулу өлтүрүлгөнүн тастыктады

Ак үй Усама бен Ладендин уулу өлтүрүлгөнүн тастыктады

Хамза бен Ладен

"Аль-Каида" террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулу Хамза бен Ладен Кошмо Штаттардын атайын операциясы учурунда өлтүрүлдү. Муну менен Ак үй мурда ММКларда чыккан маалыматты тастыктады.

 

Маалыматка ылайык, террорчул уюмдун жетекчилеринин бири болгон Хамза бен Ладен Ооганстан менен Пакистан чектешкен аймакта жок кылынган.

Президент Дональд Трамптын атынан жарыяланган билдирүүдө операция качан жүргүзүлгөнү айтылган эмес.

Маалыматта бен Ладендин уулунун өлүмү «Аль-Каида» уюмунун күч-кубатын алсыратып, башка террордук топтор менен байланышы начарлай турганы белгиленген.

Буга чейин АКШ басылмалары Хамза бен Ладен өлтүрүлгөнүн август айында өз булактарына таянып жазып чыккан болчу.

Мамлекеттик департамент жашы 30дан өтүп калган Хамза бен Ладенди «Аль-Каида» террорчул уюмунун «мураскорлорунун бири» катары атаган. АКШ ал жөнүндө маалымат берген адам үчүн миллион доллар акчалай байге убада кылган.

Хамза бен Ладен буга чейин АКШга кол салуу чакырыгы менен интернетке аудио жана видео кайрылууларды чыгарып келген.

АКШ Усама бен Ладенди үч миңдей кишинин өмүрүн алган 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттын башкы уюштуруучусу катары эсептейт. Ал 2011-жылы атайын операция учурунда Пакистандын аймагында жок кылынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Донбасстагы кырдаалды талкуулады

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Донбасстагы кырдаалды талкуулады

Донбасстагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Киевдин демилгеси менен шейшембиде өткөн БУУнун...

ДҮЙНӨ 2020-02-19  17:02

Киев менен Орусия кезектеги жолу туткундарды алмашууну пландоодо

Киев менен Орусия кезектеги жолу туткундарды алмашууну пландоодо

Украинанын тышкы иштер министри Вадим Пристайко

Украинанын тышкы иштер министри Вадим...

ДҮЙНӨ 2020-02-18  16:43

Помпео Өзбекстандын адам укугу тармагындагы «прогрессти» кубаттады

Помпео Өзбекстандын адам укугу тармагындагы «прогрессти» кубаттады

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Ташкент, 3-февраль...

ДҮЙНӨ 2020-02-04  05:48

Кытай бийлиги коронавирус катталган шаардан казакстандык...

Кытай бийлиги коронавирус катталган шаардан казакстандык...

Казакстан коронавирус тараган Ухань шаарындагы казак жарандарын мекенине кайтаруу маселесин...

ДҮЙНӨ 2020-01-28  10:42

«Талибан» Ооганстанда америкалык учакты атып түшүргөнүн билдирди

«Талибан» Ооганстанда америкалык учакты атып түшүргөнүн билдирди

27-январда Ооганстандын чыгышындагы Газни провинциясында учак кыйрады. Муну провинция губернатору...

ДҮЙНӨ 2020-01-28  11:11

Трамп Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планын жарыялады

Трамп Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планын жарыялады

Трамп менен Нетаньяху Ак үйдө. 27-январь 2020-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгышта...

ДҮЙНӨ 2020-01-28  12:19

БУУ миссиясы: Ливияга курал-жарак жеткирүү уланууда

БУУ миссиясы: Ливияга курал-жарак жеткирүү уланууда

Ливиядагы өкмөттүк күчтөрдүн жоокери

19-январда Берлинде жетишилген макулдашууга карабастан,...

ДҮЙНӨ 2020-01-27  17:24