KELECHEK
rek

ТИМ тажик элчисине нота тапшырды

ТИМ тажик элчисине нота тапшырды

Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Министрликтин маалыматына караганда, министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев элчи Сухроб Олимзодага Максат жана Сай чек ара бекеттерине биринчи болуп ок атканы үчүн Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлеринин мыйзамсыз аракетин сындаган нота тапшырды. Ниязалиев бардык маселелер кошуналык алаканын негизинде сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек экенин белгилеген.

ТИМ тараткан маалыматта Кыргызстандын бир чек арачысы окко учуп, жети аскер, жети жергиликтүү тургун жарадар болгону, алардын арасында 12 жаштагы бала бар экени жазылган. Мындан сырткары чек ара бекети жана жергиликтүү тургундардын үйлөрү зыянга учураган.

«Мындан сырткары тажик элчисине август-сентябрь айларында Тажикстандын жарандарынын, жергилктүү бийликтин жана тийиштүү органдардын мыйзамсыз жана чагымчыл аракеттери боюнча маалыматтар берилди», деп жазылат ТИМдин кабарында.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефондон сүйлөшкөн. Сүйлөшүү маалында Айдарбеков Баткен облусундагы Максат жана Сай чек ара бекеттерине тажик аскерлеринин ок атышы алгылыксыз экенин билдирген.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматы жергиликтүү «Азия-Плюс» маалымат агенттигинин жазганына таянып, тажик тараптан үч чек арачы каза болгонун жазды. Бирок Тажикстандын расмий органдары бул маалыматты тастыктай элек.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болуп, эки тараптан 20дан ашык адам жаракат алды. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жарадарлардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирген. Жараат алган 11 жаран бүгүн Бишкекке жеткирилди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12