KELECHEK

Казакстанда ооруканага жаткырылган төрт адамдын күйдүргү диагнозу ырасталды

Казакстанда ооруканага жаткырылган төрт адамдын күйдүргү диагнозу ырасталды

Казакстандын Жамбыл облусунда ооруканага жаткырылган төрт жергиликтүү тургундун күйдүргү диагнозу ырасталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, ооруканага жаткырылган жарандар бир чарбада чогуу иштеп, мал союуга катышкан.

КТК телеканалы билдиргендей, алар иштеген чарбада күйдүргүдөн өлгөн мал катталбагандыктан, аймакта карантин киргизилбейт.

Товарлар менен кызматтардын коопсуздугун көзөмөлдөө департаментинин Жамбыл облустук башкармалыгынын өкүлү Газиз Надуев ооруканада жаткан адамдардын өмүрүнө коркунуч жок экенин жана бир нече күндөн кийин үйлөрүнө чыгарыла турганын билдирди. Ал ошондой эле учурда күйдүргү жуктурган адамдар менен байланышта болгон 44 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Расмий маалыматтарга караганда, акыркы 20 жылдан бери Казакстанда адамдар малдан күйдүргү оорусун жуктуруп алган учурлар дээрлик жыл сайын катталып келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ТИМ: «Diamond Princess» кемесиндеги кыргызстандык менен байланыштабыз

ТИМ: «Diamond Princess» кемесиндеги кыргызстандык менен байланыштабыз

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жапониянын Иокогама портунда коронавирустан улам карантинге...

ДЕН СООЛУК 2020-02-18  15:58

Тажикстанда Кытайдан келген 285 киши карантинде

Тажикстанда Кытайдан келген 285 киши карантинде

Тажикстанда Кытайдан келген 285 жаран медициналык мекемелерде дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бул...

ДЕН СООЛУК 2020-02-04  05:55

Казакстанда Кытайдан келген кишилердин төртөө ооруканага жаткырылды

Казакстанда Кытайдан келген кишилердин төртөө ооруканага жаткырылды

Кытайдан Казакстанга келген 23 кишинин дене табы көтөрүлүп, 4 киши курч респиратордук вирустук...

ДЕН СООЛУК 2020-01-29  12:40

Кытайда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 80ге жетти

Кытайда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 80ге жетти

Кытай бийлиги жаңы коронавирус тездик менен жайылып жатканын, ооруну жуктаргандардын саны көбөйгөнүн...

ДЕН СООЛУК 2020-01-27  18:41

Кыргызстан Кытай менен чек арасында санитардык көзөмөлдү күчөттү

Кыргызстан Кытай менен чек арасында санитардык көзөмөлдү күчөттү

Кыргызстан Кытай менен чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде санитардык көзөмөлдү күчөттү. Бул...

ДЕН СООЛУК 2020-01-24  00:33

Кытайда 2019-nCoV вирусунан тогуз киши өлдү

Кытайда 2019-nCoV вирусунан тогуз киши өлдү

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы 13 провинциядан 440 киши 2019-nCoV вирусун жуктуруп алганын,...

ДЕН СООЛУК 2020-01-23  11:04

Өзбекстан 2019-nCoV вирусуна байланыштуу эпидемиологиялык көзөмөлдү...

Өзбекстан 2019-nCoV вирусуна байланыштуу эпидемиологиялык көзөмөлдү...

Өзбекстан Кытайда жайылып жаткан 2019-nCoV коронавируска байланыштуу чек арадагы эпидемиологиялык...

ДЕН СООЛУК 2020-01-23  18:10