Түркмөнстандын кызматтан алынган соода министри коррупция айыбы менен соттолду
Түркмөнстандын жакында эле кызматтан алынган мурдагы соода жана тышкы экономикалык байланыштар министри Амандурды Ишанов коррупциялык иштер боюнча соттолду.
13-сентябрда мамлекеттик телеканал колуна кишен салынган Ишанов баштаган бир нече адам жемкорлук жана башка кылмыштарды мойнуна алганы тартылган видеоматериал көрсөттү.
Кийин видео өкмөттүн жыйыны учурунда дагы чоң монитордон көрсөтүлдү. Ал жыйында өлкөнүн башкы прокурору Батыр Атдаев президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун жетекчилиги менен жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөш тууралуу маалымат берген.
Видеодо мурдагы министр Амандурды Ишанов өзү бир канча жылдан бери коррупциялык иштерге аралашып келгенин, аны белгилүү ишкер, мамлекеттик бир канча компанияны жетектеген Чарымухаммед Кулов менен чогуу жасаганын моюнга алган. Анда Ишанов баштаган башка адамдарга өкүм чыкканы айтылганы менен, сот качан болгону тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес.
Атын атагысы келбеген түркмөнстандык бир канча адам эл алдында кылмышын моюнга алуу — бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн далилдөөгө багытталган спектакль сыяктуу көрүнүп жатканын белгиледи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53