KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда, Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди.

Чек ара чырынан жабыр тарткандардын баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, толук дары-дармектер менен камсыздалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерге ыкчам чараларды көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бардык керектүү жардам берилерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан жабыркагандардын туугандары менен баарлашты.

Жаракат алгандарга Президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Эске салсак, Баткен облусундагы мамлекеттик чек ара участогундагы атышуудан улам 13 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, алардын ичинен 10 адам КР Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкек шаарына дарыланууга алып келинген. Алардын абалы туруктуу, беш кишиге бүгүн пландык операциялар жасалат.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматы боюнча, 3 жаракат алгандардын оор абалына байланыштуу Бишкекке алып келүү мүмкүн болгон жок жана аларды Баткен облусунун Лейлек аймактык ооруканасында дарылоо чечими кабыл алынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38