KELECHEK
rek

Кан белек кылуу – өмүр белек кылуу менен барабар! (ФОТО)

Кан белек кылуу – өмүр белек кылуу менен барабар! (ФОТО)

Улуттук донорлор күнүнө карата Кызыл ай коому тарбынан 27-сентябрда Барпы театрында облусубуздун аймагындагы ардактуу жана ыктыярдуу донорлорду сыйлоо боюнча иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында Улуттук Кызыл ай коомунун облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкери Каныбек Кудайбердиев билдирди.

Маалымат жыйында Жалал-Абад облустук кан борборунун бөлүм башчысы Айчүрөк Капарованын сөзүнө караганда, КР Өкмөтүнүн 1997-жылдагы №599-токтому менен бекитилип, донордук кыймылды андан ары өнүктүрүү, кан донорлугунун кадыр-баркын жогорулатуу, жаштарды гумандуулукка жана бири-бирине аяр мамиле жасоого тарбиялоо максатында жыл сайын КР донорлор күнү сентябрь айынын акыркы жекшембисинде белгиленип келет.

- Жылдан-жылга донорлордун саны көбөйүүдө. Бизде ар дайым запаста текшерилген ар бир кандын группасынан 5-6 литрден болуп, 25-30 литр кан туруусу зарыл. Кандын корунун 20 литрдей калганда тез чара көрүү менен атайын өзүбүздө түзүлгөн бригаданын жардамы менен мекеме-ишканалар менен келишим түзүп, кан даярдап келебиз. Бир эле келинге 10 литрге жакын кан керек болушу мүмкүн. Кандын запасы ар дайым даяр турат. Кан жок деген сөз болбош керек. Ош-Бишек жолунда көптөгөн автокырсыктар болуп турат. Ар бир аварияда кан жоготуулар болот. Жакында 2-группага муктаждык аябай көп болду. Акыркы күндөрү канга болгон талап катуу болуп жатат. Бир жумада 30 литр кан кетти.

Донордун каны көп кан жоготууларда, ар кандай автокырсыктарда, табигый жараталыш кырсыктарында, төрөт учурларында, өпкө-жүрөк, ашказан, боор операцияларында, ак кан ооруларында бирден бир алмашкыс керектүү дары. Кандан ар түрдүү кан компоненттери жана препараттары жасалат. Алар: эритроциттардык масса, жаңы тоңдурулган плазма, 3 жана 5 жолу жуулуучу эритроциттардык масса, тромбо, лейко концентрант жана башкалар.

Кан уникалдуу биологиялык препарат болуп эсептелет жана кан эч кандай завод-фабрикадан чыкпайт. Жалаң гана булагы – бул адам баласы болот. Көп жаштар кан тапшыргандан коркушат. Анын негизги себеби, биринчиден маалыматсыздыганан болсо, экинчиден ар кандай жугуштуу ооруларды жуктурап албайын деп кооптонушат. Кан тапшыргандын эч кандай зыяны жок. Донор деген сөз – Латынча “donare”, башка адамдарга “белек кылуу” дегенди билдирет. Өзүнүн кичинекей канын белек кылуу менен, бир адамдын өмүрүн сактап калат. Көбү кан тапшырса адамдын өмүрүнө зыяны тийеби?- деп коркушат. Донор 300-400 мл.ге чейин кан тапшырса болот. Бул деген физиологиялык доза болуп эсептелет жана ден соолукка эч кандай зыяны жок, себеби адам баласында 4-5 литр кан бар. Адам кан тапшыргандан кийин, ал кан 2 сааттан кийин калыбына келсе, клеткалык курамы 2 айдан кийин калыбына келет. Кан тапшырса анын пайдасы гана болот. Ошол себептен, донорлорду 2-3 айда бир кел деп айтабыз.

Кан берүүдө эч кандай жугуштуу оору жукпайт. Алынган донорлордун канын 100 пайыз жугуштуу ооруларга текшеребиз. Кан тапшырган адамдын гемоглобинин, ар кандай ооруларын текшерип, 10 анализ тапшырылат, ошонун ичинен бир анализ жакшы чыкпай калса, аны иштетпейбиз. Адам арак ичип алган болсо да, кан алынбайт.

Биздин облустук кан борбору күнү-түнү иштейбиз. Атайын экспедиция бөлүмү бар. Ал жерде кезметчи медайымдар күнү-түнү иштешип, кан компоненттерин чыгарышып, облустун бардык медицина мекемелерин кан компоненттери, препараттары менен камсыз кылып келишүүдө. Жалал-Абад облустук кан борбору качан донор келип кан тапшырат деп күтүп отурбастан, бизде атайын көчмө бригада бар. Облуста кайсы жерде мекеме-ишкана, кайсы окуу жайлар болсо, ошол жерлерге барышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен акысыз донорлордун санын көбөйтүп жатабыз.

Адамдардан алынган канды жасалма жол менен иштеп чыгуу мүмкүн эмес. Кандын жалгыз булагы болуп бир гана адам баласы – донор болуп эсептелет.   

Облустук кан борборунда бизге көмөктөшүп ар бир 2 айда кан тапшырып турган 300дөн ашуун активдүү донорлорубуз бар. Андан сырткары, акысыз өз ыктыяры менен кан тапшырган донорлор жана туугандарына тапшырган донорлорубуз  болот. Ар бир донордун канын кан аркылуу жугуучу инфекцияларга текшерүү үчүн жана реактивке кеткен каражаттар болуп 3-4 миңден кем эмес акча сарпталат, - дейт А.Капарова.

Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Каныбек Кудайбердиевдин берген маалыматына караганда, 27-сентябрь донорлор күнүнө карата Кызыл ай коому жыл сайын ар түдүү ураан менен түрдүү иш-чараларды өткөрүп келишет. Быйылкы жылдын урааны “Бардыгы үчүн коопсуз кан!”. Бул ураан өлкөбүздөгү көптөгөн адамдардын ыктыярдуу кан донору болуусуна үгүттөө менен алардын туруктуу донор болуусуна жол көрсөтүү болуп саналат.

- Ушул жылдын 27-сентябрында Брапы театрында облусубуздун аймагындагы ардактуу жана ыктыярдуу донорлорду сыйлоо боюнча иш-чара өткөрүлөт. Ошондой эле, донорлор күнүнө карата 25-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетте ыктыярдуу жана кайтарымсыз кан тапшыруу боюнча кайрымдуулук акциясы “Бардыгы үчүн коопсуз кан!”, - деген ураандын астында өткөрүү пландалып жатат. Эң коопсуз кан бул – ыктыярдуу донорлордун каны эсептелет.

Улуттук Кызыл ай коому саламаттыкты сактоо багытында бир канча долбоорлорду ишке ашырып келе жатат. Алардын катарында “Кыргыз Республикасында өз ыктыяры менен кан тапшырууну өнүктүрүү” долбоору да иштей баштады. Бул долбоор Швецариялык Кызыл крест тарабынан каржыланып, 2017-жылдын январь айынан өлкөбүздүн бардык облустарында иштей баштаган. Аталган долбоор Жалал-Абад облустук кан борбору менен биргеликте ишке ашырылып, 2017-жылдан 2019-жылдын декабрь айына чейин улантылат. Долбоордун негизги максаты – элдин ыктыярдуу кан тапшыруу түшүнүгүн жогорулатуу аркылуу жабыркагандардын өмүрүн сактап калууга жардам берүү болуп саналат. Долбоордун алкагында мекеме-ишканаларда жана университеттерде маалымат сессиялары өткөрүлүп, ыктыярдуу кан тапшыруучулардын санын көбөйтүүгө багытталат. Долбоордун ишин жүргүзүү максатында ыктыярчылар кабыл алынган. Ыктыярчылар менен биргеликте жогорку жана кесиптик окуу жайларга, мекеме-ишканаларга барып, өз ыктыяры менен кан тапшырууга үгүттөп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Себеби, кан адам өмүрүн сактап калуу үчүн саламаттык сактоонун ажырагыс бөлүгү болуп, ооруп жаткан, табигый кырсыктардан жана кыйроолордон, согуш жана башка өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткандарга күн сайын керектелет. Ошондуктан, кан жана анын компоненттерин куюу жыл сайын көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстанда кан берүү акыркы 25 жыл ичинде бир нече себептерден улам бир топ төмөндөп бара жатат. Анткени, маалымат каражаттарында кан берүүнү пропагандалоону токтотуу жана жугуштуу оорулардын жугуп калуу коркунучу 1985-жылы болсо, донорлордун саны 178 миң 232 адам болгон болсо, 2005-жылы 30 миң 102 адам, 2011-жылы 30 миң 45ти түзгөн. Ал эми 1985-жылы 60 808 литр кан жыйналган, 2005-жылы 4,5 эсе аз, болгону 13 миң 505 литр, ал эми 2012-жылы 19 миң литр болгон.

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун стандарттарына ылайык, 1000 адамга 40 донор керек болот. Ал эми Кыргызстанда, 1000 адамга 6 гана донор туура келет.

1996-жылдын сентябрь айынан баштап ар жыл сайын бул күнү донорлор Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору наамын алышат. Бүгүнкү күндө КР үч миңден ашуун Ардактуу донор бар, - деди К.Кудайбердиев.

Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин окутуучусу, Ардактуу донор Данагүл Курманбекованын сөзүнө караганда, башымдан катуу оору өтүп, оондон кийин донор болууну чечкен.

- Акысыз кан тапшырганыма байланыштуу, быйыл ардактуу донор болуп, ардак грамотасын алдым. Донор болуу – бул жашоодо адамдын өмүрүн сактап калуу ар бир адамдын милдети болсо керек. Ден соолугуңар туура келсе, гемоглабиниңер өз нормасында боло турган болсо, адамдын өмрүн сактап калуу үчүн донор болуу – бул ардактуу иш деп билем, - дейт ардактуу донор Д.Курманбекова.

Донордун канына кимдер муктаж?

Кан жана анын компоненттери ар түрдүү кырсыктарга жаракат алган жана жабыр чеккендерге, олуттуу өлчөмдө күйүп калууда жана оор жаракаттарды алганда, ошондой эле татаал операцияларды жасоо учурунда, татаалдашып кеткен төрөт учурунда, шишиктер жана кандын оорулары (гемофилия лейкоз) бар оорукчандарга жардам көрсөтүү үчүн талап кылынат. Статистика боюнча жер бетинин ар үчүнчү жашоочусу өмүрүндө жок дегенде бир жолу донордун канына муктаж болот.

Донорлуктун пайдасы

Канды мезгил-мезгили менен тапшырып туруу, организмдеги темирдин санын көзөмөлдөп турууга жакшы шарт түзөт. Ошондой эле ырааттуу түрдө кан тапшыруу организмде жакшы жашаруу “программасын” иштете баштайт. Эркектер жүрөк-кан тамыр ооруларына сейрек кездешет, ал эми аялдар менопаузанын башталышын бир нече жылдарга артка жылдыра алат.

Кан тапшырган адамдар, улам жаңыланып турган кандын эсебинен иммундук системасы, боору, уйку бези, тамак-аш сиңирүү системасы туруктуу иштей баштайт. Статистикага ылайык, донорлор орто эсеп менен өзүнүн башка мекендештеринен бир нече жылга узагыраак жашашат. Демек, кан тапшыруу ден соолуктун абалын көзөмөлдөөдөн сырткары, эмоционалдык абал менен шартталат.

Кан алууга караганда, кан берүү алда канча жагымдуу экенин адамдар түшүнүп калышты.

 

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24