KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова менен жолугушту

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 25-сентябрда, аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбекова менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Айсулуу Тыныбекованы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында аялдар күрөшү боюнча 1-орунду ээлеп, Кыргызстандын эгемендик жылдарында эң алгачкы дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады.

«Сенин алтын медалың — бул кыргыз спортунун, Кыргызстандын чоң ийгилиги, баарыбыз абдан кубандык. Буга чейин Азия чемпионаттарында, Азия оюндарында жеңишке жетип, эми Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болдуң. Бул сенин жана машыктыруучуларыңдын көп жылдык талыкпаган эмгегинин үзүрү. Жеңишке жетүү абдан оор болгонун билебиз. Келерки Олимпиада оюндарында дагы ийгиликке жетишериңе ишенем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле көп жылдан бери аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенип келген Нурбек Изабековго жана Айсулуу Тыныбекованын ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Айсулуу Тыныбекова Президентке, жалпы кыргыз элине колдоосу үчүн рахматын айтып, бул жеңишин өз өлкөсүнө, кыргызстандыктарга арнаганын айтты. 

Нурбек Изабеков бул мелдеште Орто Азия мамлекеттеринин ичинен жалгыз Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алганын эске салды. Кыргызстан үчүн алгачкы болгон бул жеңишке жетишүү жакшы жөрөлгө экенин белгилеп, көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, машыктыруучусу Нурбек Изабековго акчалай сыйлык, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбековага КР Президентинин энчилүү сааттарын тапшырды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20