KELECHEK

Президент Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражатын эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшайбыз

Президент Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштөн  түшкөн акча каражатын эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшайбыз

«Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражатын эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого жумшайбыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 26-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуусунда.

Ал коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаттары үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылганын, бул акча каражатынын эсебинен Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 7, Ош шаарында бир  — окуучулар батпай жаткан жалпы 15 мектепке кошумча корпустарды куруу иштери башталганын эске салды.

«Ички миграциянын айынан Чүйдө жана Бишкекте калктын көбөйүшүнөн улам мектептер жетишпей, ушундай чечим чыккан. Эми Бирдиктүү депозиттик эсептин акча каражаттарын республиканын аймактарындагы авариялык абалдагы мектептерди оңдоп-түзөөгө, жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды курууга жумшалат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы эске салгандай, республика боюнча бардыгы болуп 198 мектеп авариялык абалда. Анын ичинен Ысык-Көл облусунда 24 мектеп, Жети-Өгүз районунда 4 авариялык абалдагы мектеп бар. Быйыл республика боюнча 6 авариялык мектептерде курулуш иштери башталат, октябрь айында Жети-Өгүз районунун Дархан айылына мектеп курула баштайт. Ысык-Көл облусунун калган 18 авариялык мектептеринде дагы курулуш иштери жүргүзүлөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Түркмөнстандын мектептеринде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды

Түркмөнстандын мектептеринде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды

Түркмөнстан (иллюстрациялык сүрөт)

Түркмөнстандын мектептеринде уюлдук телефондорду...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2020-01-18  23:59

Президент Сооронбай Жээнбеков БАЭнин билим берүү министри Хуссейн...

Президент Сооронбай Жээнбеков БАЭнин билим берүү министри Хуссейн...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 9-январда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ)...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2020-01-10  00:13

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 8 миллион евро грант...

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 8 миллион евро грант...

Европа биримдиги 23-декабрда өкмөттүн эсебине 8 миллион 50 миң евро өлчөмүндө грант которду. Бул...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-12-25  01:06

Ала-Букада “Жаш техник” аттуу окуучулар арасында райондук конкурс...

Ала-Букада “Жаш техник” аттуу окуучулар арасында райондук конкурс...

Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясында “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-12-17  05:18

Өлкөдөгү 70 мектепке санариптик китепкана орнотулду

Өлкөдөгү 70 мектепке санариптик китепкана орнотулду

«Ilim Box» долбоорунун алкагында Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарындагы 70 мектепке атайын түзмөктөр...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-09-27  17:38

Мектеп окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелери түшүндүрүлдү

Мектеп окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелери түшүндүрүлдү

Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан “Салам мектеп” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Буга...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-09-20  17:50