KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз

Президент Сооронбай Жээнбеков: Улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, кыргызстандыктарды Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештерим!

Кадырман карыялар!

Сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

“Карысы бардын ырысы бар», «Карынын сөзүн капка сал» - деп кыргыздар эзелтеден бери кары адамдарды терең урматтап, аларга өзгөчө аяр мамиле жасап келишкен.

Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз.

Улгайган жарандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү —  азыркы муундун милдети.

Мамлекет карыларга кам көрүүнү жылдан-жылга жакшыртуу боюнча бардык аракеттерди көрүп, алардын жашоосун жеңилдетүүгө умтулат.

Карыларыбызга болгон камкордук аркылуу мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу жана коомдун моралдык деңгээли бааланат.

Андыктан баарыбыздын алдыбызда чоң жоопкерчилик, ишке ашырыла турган максаттар турат.

Карыларды 1-октябрь күнү эле эстебей, ар дайым татыктуу көңүл буруп, ардактап, баалап-барктап, сыйлап жүрөлү.

Майрамыңыздар менен кадырлуу карылар!

Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомдун сый-урматына бөлөнүп жашооңуздарды каалайм!»

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13