KELECHEK
rek

Милициянын ардагерлери менен жаш кызматкерлер жолугушту (ФОТО)

Милициянын ардагерлери менен жаш кызматкерлер жолугушту (ФОТО)

Кечээ, 1-октябрда Жалал-Абад ОИИБнин жыйындар залында ички иштер органдарында эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлер менен азыркы учурда иштеп жаткан жаш кызматкерлердин ортосундагы жолугушуу болуп өттү.

Аталган жолугушуу «Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине» карата уюштурулган. Иш-чарага Жалал-Абад ОИИБнин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков жана милициянын ар түрдүү кызматтарында эмгектенген ардагерлер катышышты.

Жыйындын башында Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин орун басары, милициянын полковниги М.Хажиматов сөз сүйлөп, Кыргыз милициясынын тарыхына токтолуп өттү. Андан соң, ИИОнун ардагерлери жаш кызматкерлерге акыл-насааттарын айтышып, алар иштеген учурдагы милициянын шарты жана баштарынан өткөрүшкөн кызыктуу окуялары менен бөлүшүштү.

Милиция элдин күзгүсү экендигин белгилешип, эл менен сылык мамиледе болуп, коомдук жайларда өздөрүн тыкан алып жүрүүгө чакырышты.

Жаңы мыйзамдарды өздөштүрүп, көп окуп, билимин арттыруу керектигин баса белгилешти. Милициянын жумушу жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү экендигин айтышкан ардагерлер үй-бүлөнү да унутта калтырбай, аларга да кам көрө билүү керектигине токтолушту.  Жолугушуунун жүрүшү суроо-жооптор менен уланып, жылуу маанай менен жыйынтыкталды. ИИОнун ардагерлери жаш кызматкерлерге ак батасын беришип, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Жолугушуу жыйынтыкталган соң ардагерлерге азыркы учурдагы ОИИБнин нөөмөт бөлүмүнүн жаңыртылган иш бөлмөсү, уктоочу жайлары көрсөтүлдү. Жаңы мыйзамдардын алкагында кылмыштарды жана жоруктарды каттоо боюнча маалыматтар берилди.

Эске салсак, Жалал-Абад ОИИБнин Ардагерлер кеңешинин каттоосунда учурда 694 ардагер бар. Алардын ичинен 14ү аялдар. Мындан сырткары 170 ардагер атайын буйруктун негизинде жаш кызматкерлерге «үгүт-насаатчы» болуп бекитилген.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

        

        

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13