KELECHEK
rek

Трамп импичмент жарыялоо боюнча тергөөнү «төңкөрүш аракети» деп атады

Трамп импичмент жарыялоо боюнча тергөөнү «төңкөрүш аракети» деп атады

Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп ага импичмент жарыялоо боюнча башталган тергөө иштерин «төңкөрүш аракети» деп атады.

Тергөө жүргүзүүнү сентябрдын аягында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы демилгелеген. Буга Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефондук сүйлөшүүсү себеп болгон. Ал сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу чалгын кызматынын өкүлү өз жетекчилигине билдирген.

Ак үй сентябрдын аягында телефондук сүйлөшүүнүн стенограммасын жарыялаган. Ага ылайык, Трамп Зеленскийден Украинада мурдагы вице-президент Жо Байдендин уулуна карата тергөө иштерин баштоону өтүнгөн. Трамптын айтымында, Байдендин уулунун бул өлкөдөгү коррупциялык иштерге тиешеси бар. Конгрессмен-демократтар президент 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодогу ыктымал атаандашына карата компромат алууга аракет кылып, өзүнүн ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланганын билдиришүүдө.

Тергөөнүн алкагында Өкүлдөр палатасы көрсөтмө берүү үчүн Конгресске Мамлекеттик департаменттин бир нече кызматкерин, анын ичинде мамлекеттик катчы Майк Помпеону чакырган. Мындан тышкары чакырылгандардын арасында АКШнын Украина боюнча мурдагы атайын өкүлү Курт Волкер менен Кошмо Штаттардын Украинадагы экс-элчиси Мари Йованович бар.

Трамп өз дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын четке кагууда. Өз кезегинде Майк Помпео Өкүлдөр палатасындагы демократтар Мамлекеттик департаменттин кызматкерлерин коркутуп жатышканын билдирди. Сентябрдын аягында Вашингтондо АКШнын президенти менен жолуккан Зеленский телефондук сүйлөшүү маалында Трамп ага басым кылбаганын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52