KELECHEK
rek

Орусияда өзбек жарандарын сабаган полиция кызматкерлери иштен алынды

Орусияда өзбек жарандарын сабаган полиция кызматкерлери иштен алынды

Орусиянын Москва облусунун Балашиха шаарында өзбек жарандарын сабаган эки полиция кызматкери иштен алынды.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Татьяна Петрова билдирди:

— Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен ички иштер органдарын жаманатты кылгандыгы үчүн Балашиха шаардык полиция башкармалыгынын эки кызматкери иштен алынды. Алар мыйзамга ылайык жазаланат. Алардын жетекчиси кызматынан төмөндөтүлдү. Мындан тышкары дагы 10 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

20-сентябрда Балашиха шаарында полициядан качып, экинчи кабаттын терезесинен секирип кеткен эки өзбекстандык оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган.

Жабырлануучулардын айтымында, 20-сентябрда алар дагы эки мекендеши менен Умаров аттуу кыргыз жаранынын үйүнө конокко барышкан. Ошол маалда полиция кызматкерлери кирип келип, аларды сабай башташкан. Токмоктон качкан эки мигрант экинчи кабаттын терезесинен секирип качууга аракет кылышкан.

Бул окуядан кийин Өзбекстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын Ички иштер министрлигине, Башкы прокуратурасына жана Тергөө комитетине расмий кайрылуу жолдоп, облустук ички иштер башкармалыгында кызматтык териштирүү башталган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53