KELECHEK
rek

Орусияда өлтүрүлгөн беш жаштагы тажик кыздын үй-бүлөсү үчүн жаңы адвокат жалданды

Орусияда өлтүрүлгөн беш жаштагы тажик кыздын үй-бүлөсү үчүн жаңы адвокат жалданды

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги Серпухов шаарында өлтүрүлгөн беш жаштагы Хувайда Тиллозоданын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн жаңы адвокат жалдады.

— Хувайданын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн Орусиянын мыйзамдарын өтө жакшы билген Шавкат Умаров аттуу тажик адвокатты тандадык. Сотко биздин дипломаттар дагы катышууда, деп билдирди мекеменин өкүлү.

Шавкат Умаров Орусияда акыркы беш жылдан бери адвокат болуп иштейт. 30-сентябрда ал Хувайда Тиллозоданын үй-бүлөсүнүн адвокаты катары сот отурумуна алгачкы жолу катышты.

Үй-бүлөнүн буга чейинки адвокаты Дагир Хасавов 17-сентябрда Москванын Лефортов райондук сотунда кармалган. Ал «Сот акыйкаттыгына тоскоолдук кылуу» жана «Көрсөтмө берүүгө мажбурлоо» беренелери боюнча айыпталууда.

Буга чейин айыпталуучу Александр Сёминдин адвокаты угууларга кыздын атасы Абдусалов Саидовду катыштырбоону өтүнгөн. Ал бул кайрылуусун Саидов кыздын чыныгы атасы эмес экендиги жана ал бул иште доочу боло албай тургандыгы менен түшүндүргөн. Бирок Саидов Хувайдонун атасы экенин айтып, колунда муну ырастай турган документтери бар экенин билдирүүдө.

Бул иш боюнча сот Орусиянын Серпухов шаарында 23-августта башталып, жабык өтүүдө.

Беш жаштагы Хувайдо 2018-жылы 22-июлда үйүнүн алдында ойноп жаткан маалда жоголгон. Анын сөөгү эртеси күнү Москва облусунун Серпухов шаарындагы темир жолдун жээгине ташталган спорттук баштыктан табылган. Соттук-медициналык экспертиза кыз зордукталып, андан кийин бычакталып өлтүрүлгөнүн аныктаган. Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү тургун, кыздын ата-энесинин кошунасы Александр Семин кармалган.

Бул окуядан кийин тажик тарап Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, иш боюнча адилет тергөө өткөрүүнү талап кылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53