KELECHEK
rek

Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатууну сунуш кылды

Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатууну сунуш кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатыкка коюу жөнүндө демилге көтөрүп чыкты. Ушундай видеокайрылууну ал 1-октябрда Интернетке чыгарып, сунушту премьер-министрге жазуу түрүндө жибере турганын айтты.

«Акыркы кездери баарыбыз байкагандай, «Азаттык» журналисттик иликтөө жарыяласа, ошол эле аренага биздин «Бешинчи канал» чыгат. «Бешинчи канал» - мамлекеттик. Мамлекеттик канал эркин басма сөздү сындабашы керек. Себеби, бул сын мамлекеттин атынан айтылып жаткандай түр калтырат. Мен бизге бул каналдын кереги жок деп эсептейм. Биз ага бир тыйын да бөлбөйбүз. Биз аны сатууга тийишпиз. Мен эртең эле премьер-министрге ушул сунуш менен кат жазып, «Бешинчи каналды» сатыкка коюшун айтам», - деди Бекешев.

«Бешинчи канал» 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен куулгандан кийин КООРТ каналынын базасында түзүлгөн. 2009-жылы аны кийинчерээк апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сырттан эркинен ажыратылган Оксана Малеваная башкарган. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен мамлекеттештирилген. 2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында ««Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13