KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 7-октябрда, өлкөгө Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен жыйынына катышуу үчүн келген Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов менен жолугушту.

Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Азербайжан менен мындан ары да өз ара ишенимге жана сыйга негизделген достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани бере турганын белгиледи.

Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негиздеринин бири — дарамети толук ачыла элек экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү болуп саналарын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков энергетика, транспорт, тоо-кен өнөр жайы, билим берүү, медицина тармактарында жана туристтик мүмкүнчүлүктү пайдалануу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Азербайжандын Премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов Президент Илхом Алиев Президент Сооронбай Жээнбековду Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышуусун күтүп жаткандыгын белгиледи.

Ал акыркы жыйыны беш жыл мурда Бакуда өткөн Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен үчүнчү жыйынын Бишкекте өткөрүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ягуб Эюбов Өкмөттөр аралык комиссиянын иши Президент Сооронбай Жээнбековдун Азербайжан менен мамилеге өзгөчө мамилесинен улам калыбына келгендигин баса белгиледи.

Азербайжандын Премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү өлкөлөр ортосундагы өз ара боордош мамилелерге негиз болоорун белгиледи.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12