KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан жана Кувейттин парламенттер аралык мамилелери талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт менен болгон эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, аны мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кувейттин жетекчилигине Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт Фондунун ишмердиги жана «Ас-Сафа», «Ас-Салам», «Ассанабил» фонддорунун кайрымдуулук ишмердигине оң баа берип, Кувейт тараптын жардамы менен Баткен облусундагы 106 жана Кемин районундагы 100 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык шаарчанын ачылышын канааттануу менен белгиледи.

Кувейттин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганем Мамлекет башчыга жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдардагы эки тараптуу мамилелердин ырааттуу өнүгүүсүн белгиледи.

Марзук Али Аль-Ганем эки өлкөнүн парламенттеринин активдүү диалогун канааттануу менен белгилеп, мындан аркы жемиштүү кызматташууга, социалдык-гуманитардык, соода-экономикалык жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргызстанга инвестицияларды тартууга даярдыгын билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12