KELECHEK
rek

Кыргызстандык юрист БУУнун сыйлыгына татыды

Кыргызстандык юрист БУУнун сыйлыгына татыды

Азизбек Ашуров. Женева, 2-октябрь, 2019-жыл

Жарандыгы жок миңдеген адамдарга жарандык алып берүүгө көмөктөшкөн кыргызстандык юрист Азизбек Ашуров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттигинин «Нансен» сыйлыгына ээ болду.

Жыл сайын берилүүчү бул сыйлыктын быйылкы лауреатын агенттик 2-октябрда жарыялады. БУУнун 150 миң долларлык бул сыйлыгы 7-октябрда Женева шаарындагы атайын аземде тапшырылат.

Быйыл июль айында Кыргызстан жарандыгы жок адамдардын маселесин толугу менен чечкен дүйнөдөгү биринчи мамлекет болуп калган. Азизбек Ашуров жана анын «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» аттуу уюму документи жана жарандыгы жок адамдарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүп келген.

БУУнун Качкындар агенттиги билдиргендей, Ашуров жана анын командасы Советтер Союзу ыдырагандан кийин жарандыгы жок калган 10 миңден ашуун адамдын Кыргызстандын жарандыгын алышына көмөктөшкөн.

- Жарандыгы жок адамдарды бир да өлкө тааныбайт. Алар иш жүзүндө бар, бирок кагаз жүзүндө алардын карааны жок, - деп билдирди Ашуров.

Бул сыйлык Бириккен Улуттар Уюмуна чейин түзүлүп, толук иш жүргүзө албай калган Улуттар Лигасынын качкындар боюнча биринчи комиссары, норвегиялык изилдөөчү Фритьоф Нансендин (1861-1930) ысымын алып жүрөт. Былтыр бул сыйлык качкындарга медициналык жардам көрсөткөн түштүк судандык дарыгер Эван Атар Адахага ыйгарылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13