KELECHEK
rek

Таласта кыз ала качуу жөнүндөгү тасманын таржымалы текшерилүүдө

Таласта кыз ала качуу жөнүндөгү тасманын таржымалы текшерилүүдө

Таластагы кыз алуу качуу боюнча Интернетте тараган тасманын чоо-жайы текшерилүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талас облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда ал тасмадагы маалыматтар боюнча териштирүү жүрүп жатат. Ал эми кыз ала качуу боюнча милицияга расмий арыз келип түшкөн эмес.

Буга чейин социалдык тармактарда тараган тасмада көшөгөнүн артында жаш кызды күч менен кармап жаткан аялдарды жана той ырларын ырдап жаткан жаштарды көрүүгө болот. Тасмадагы кыз 16 жашта экени, аны 35 жаштагы жигит күч менен алып качып келгени жазылган.

Бул видео социалдык тармактарда бир топ талкуу жаратты.

Кыргызстанда кыздарды өз эркине карабай ала качуу аркылуу турмушка узаткан учурлар көп талкууланып келет. Былтыр ала качууга туш болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы милиция башкармалыгынын имаратында бычакталып каза болгон соң бул маселе боюнча жазаны күчөтүү тууралуу демилге көтөрүлгөн болчу.

Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык быйыл Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53