KELECHEK
rek

ШКУ Саммитин өткөрүүгө активдүү катышкандарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

ШКУ Саммитин өткөрүүгө активдүү катышкандарга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

«Бишкектеги Шанхай кызматташтык уюмунун Саммити дипломатиялык кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана кыргызстандыктардын колдоосу менен ийгиликтүү өттү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-октябрда, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине даярдык көрүү жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысы өткөн ШКУ Саммити өлкөнүн саясий жашоосундагы ири окуя болгонун белгиледи.

Саммитке катышуу үчүн ШКУ өлкөлөрүнүн — Россия, Кытай, Пакистан, Индия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, жана ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрү — Иран, Афганистан, Белоруссия жана Монголиянын лидерлери келгенин эске салды.

«Дүйнөлүк державалардын лидерлери Бишкектен азыркы замандын эң актуалдуу маселелерин талкуулашып, тиешелүү чечимдерди кабыл алышты. Миңдеген массалык маалымат каражаттары Бишкектеги саммиттин жүрүшүн дүйнөлүк телеканалдардан чагылдырышты. Дүйнөлүк коомчулук биздин өлкөдө өткөн ШКУ Саммитин 2019-жылдын эң чоң саясий окуялардын бири катары баалады», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент мындай ири эл аралык иш-чараны өткөрүүдө кыргызстандыктар өз колдоосун көрсөтүшүп, биримдик жана ынтымактын үлгүсүн көрсөтүшкөнүн белгиледи.

«Элдин биримдиги эл аралык маанидеги саясий иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бардык кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ШКУ Саммити ата мекендик дипломатиянын тарыхында маанилүү окуя болгонун баса белгилеп, дипломатиялык кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүк сапаттары жана даярдыктарынан улам аны кынтыксыз өткөрүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле куруучулардын, шаардык кызматтардын, ММК өкүлдөрүнүн жана чыгармачыл инсандардын чоң салымын белгилеп өттү.

Бүгүн алардын көпчүлүгү мамлекеттик сыйлыктарды алышты.

Президент аларга бекем ден соолук, бакубатчылык, ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, Мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынын даярдоого жана өткөрүүгө салым кошкондорду мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата кол койгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13