KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту. Жолугушууга Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадыралы Конкобаев катышты.

Билим берүү жана илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүдө жана «Манас» эпосун кеңири жайылтууда көрсөткөн көмөгү үчүн Түрк академиясына ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле түрк тарыхы, маданияты жана түрк тилдүү элдердин улуу инсандарына арналган эл аралык конференциялар, форумдар жана семинарларды өткөрүү боюнча Академиянын активдүү ишин белгиледи. Маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чоң роль ойногонун баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында үстүбүздөгү жылдын ноябрында өтө турчу Жусуп Баласагындын Куттуу Билим эмгегинин 950 жылдыгына арналган эл аралык конференция жогорку деңгээлде өтөрүнө үмүтүн билдирди.

Түрк Академиясынын Президенти Дархан Кыдырали Кыргыз Республикасынын Президенти — Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Төрагасына Академиянын азыркы ишмердиги жана алдыга коюлган артыкчылыктуу пландар тууралуу маалымат берди.

Дархан Кыдырали Кыргызстан жана Казакстандын да элин бириктирген түрк тарыхы жана маданиятын мындан ары дагы жайылтуу максатында Кыргызстандын билим берүү жана илимий уюмдары менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12