KELECHEK
rek

Сенаттын баяндамасы Орусия АКШдагы шайлоого кийлигишкенин ырастады

Сенаттын баяндамасы Орусия АКШдагы шайлоого кийлигишкенин ырастады

Атайын прокурор Роберт Мюллер

АКШда Сенаттын чалгын комитети Орусиянын америкалык коомчулуктун аң-сезимине таасир этүү үчүн социалдык түйүндөрдү колдонгондугу тууралуу баяндамасын жарыялады.

Баяндаманын авторлору Кремль колдогон «троллдор фабрикасы» президенттикке талапкер Дональд Трамптын популярдуулугун арттырып, ошол эле маалда анын негизги атаандашы Хиллари Клинтонду жаманатты кылуу максатында иш алып барган деп эсептешет.

8-октябрда жарыяланган баяндамада Орусиянын «Интернет изилдөөлөр агенттигинин» иши бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткан мааалыматтык согуштун бир бөлүгү болгону белгиленген. Анда иштегендер Кошмо Штаттардын саясий жана коомдук чөйрөсүндө пикир келишпестиктерди жана талаш-тартышты жаратууга аракет кылышкан.

Башкы кеңсеси Санкт-Петербург шаарында жайгашкан жана «троллдор фабрикасы» деген аталыш менен белгилүү «Интернет изилдөөлөр агенттигине» Кремлге жакын ишкер Евгений Пригожин ээлик кылат. Бул агенттик жөнүндө Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишкенин изилдеген атайын прокурор Роберт Мюллердин баяндамасында дагы бир нече жолу айтылган. Мюллердин баяндамасы быйыл апрелде жарыяланган.

Вашингтон АКШга каршы багытталган аракеттери үчүн «троллдор фабрикасына» тиешеси бар бир нече юридикалык жана жеке жактарга, анын ичинде Пригожинге карата санкцияларды киргизген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52