KELECHEK
rek

Сириялык күрддөр Дамаск менен келишим түздү

Сириялык күрддөр Дамаск менен келишим түздү

Париждеги күрддөрдү колдогон демонстрация

Сириянын түндүк-чыгышын көзөмөлдөгөн Сириянын демократиялык күчтөрү күрд куралдуу кошуундары Башар Асаддын өкмөтү менен келишим түздү. Ага ылайык, өкмөттүк күчтөр аларды Түркиянын чабуулунан коргоо үчүн бир катар шаарларда жайгашмай болду.

Келишим тууралуу дүйшөмбүгө караган түнү белгилүү болду. Буга чейин Сирия армиясынын өкүлү аскерлер “түрк агрессиясына” каршы туруу үчүн өлкөнүн түндүгүнө бет алганын кабарлаган.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Асаддын аскерлери Түркия чабуул жасай турган жолдо жайгашкан Тель-Тамер шаарын ээледи. АКШ башында турган эл аралык коалиция колдонуп жүргөн Табка авиабазасы да көзөмөлгө алынды.

Келишимге ылайык, Асаддын аскерлери ири шаарларда орун алуу менен түрк жортуулунун жолун тороп, Түркияны эки анжы чечимге: операцияны токтотууга же сирия армиясы менен салгылашууга кептеши керек.

Сириялык күрддөр Асад менен түзүлгөн келишим азырынча аскердик колдоо менен гана чектелерин билдиришүүдө. Сириянын түндүк-чыгышынын келечегине байланышкан саясий маселелер талкууланган эмес. Күрд өкүлдөрүнүн айтымында, АКШ Сириядагы аскерлерин чыгарып кетүүнү чечкендиктен, алар расмий Дамаскка кайрылууга аргасыз болушкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы сааттардагы окуялар боюнча комментарий берген жок, Түркия да үн ката элек.

Буга чейин Анкара өткөн аптада башталган операциянын максаты – түрк-сирия чек арасына 30 чакырымга жакын аймакта коопсуз зона түзүү экенин белгилеген. Түркия сириялык куралчан күрддөрдү террордук топ деп эсептейт.

АКШда бир катар мыйзам чыгаруучулар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрөшүүдө Кошмо Штаттардын башкы өнөктөшү болгон күрд күчөрүнө колдоо көрсөтпөгөнү үчүн президент Дональд Трампты кескин сындашкан. Трамп жекшембиде Түркияга карата санкция киргизүү үчүн сенаторлор менен бирге иш алып барып жатканын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52